Кыргызстан, Россия жана Түркиянын куткаруучулары иштеп жаткан видео

© Sputnik / Сертач Каяр / Медиабанкка өтүүТүркиянын Диярбакыр шаарындагы жер титирөөнүн кесепеттери
Түркиянын Диярбакыр шаарындагы жер титирөөнүн кесепеттери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Жазылуу
Саат 15:00гө карата түркиялык 22 жарандын сөөгү табылды.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандык, россиялык жана түркиялык куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы Он эки шубат районунда издөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Аларга ыктыярчылар жардам берип жатат. 9-февраль саат 15:00гө карата түркиялык 22 жарандын сөөгү табылды.
ӨКМден маалымдагандай, каза болгондордун туугандары менен кыргызстандык психологдор иштеп жатат. Министрлик Түркияга жалпы жонунан 15 мамлекеттен куткаруучулар барганын белгиледи.
6-февраль күнү эртең менен Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен жер титирөө болгон. Өлкө президенти Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң катуу зилзала болду.
Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 12 873 адам каза таап, 63 миң киши жаракат алды.
Садыр Жапаров Түркиянын элчилигине барып боордош элге көңүл айтты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Садыр Жапаров Түркиянын элчилигине барып боордош элге көңүл айтты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0