Түркиядагы зилзала 2 921 кишинин өмүрүн алды. Өлкө 7 күн аза күтөт

© Sputnik / Сертач Каяр / Медиабанкка өтүүТүркиядагы жер титирөөнүн кесепети
Түркиядагы жер титирөөнүн кесепети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2023
Жазылуу
Жер титирөөнүн эпкини коңшу мамлекеттерге да тийди. Сирияда 711 киши каза болду.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Түркияда жердин силкинүүсүнөн 2 921 адам каза таап, бийлик жети күндүк аза күтүү жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости Anadolu агенттигине таянуу менен жазды.
"Өлкөнүн түштүгүндө болгон жер титирөө 2 921 адамдын өмүрүн алды, 15 834 киши жарадар болгон", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчы Режеп Тайип Эрдоган жалпы улуттук аза күтүү жарыялап, ал 12-февралга чейин созулмай болду.
Эскерте кетсек, кечээ таңда Кахраманмараш провинциясында магнитудасы 7,4кө жеткен жер титирөө катталган. Эпкини коңшу мамлекеттерге да тийип, жер Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында да силкинген. Зилзаладан ал жакта 711 киши көз жумуп, 1 431 киши жаракат алганы айтылды.
Түш ченде жер кайрадан титиреген. Мында магнитудасы 7,6га жетти. Түркиялык сейсмологдордун айтымында, зилзаладан Газиантеп шаары көбүрөөк жабыр тартты.
Андан кийин адистер жер улам силкинип жатканын белгилешкен, ал Ливанда, Ирак, Израиль, Грузия, Абхазияда да байкалып, Сочиге чейин жетти.
Кыргызстан Түркияга жер титирөөнүн кесепетин жоюуга жардамдашуу үчүн 63 куткаруучу жөнөттү.
Түкриядагы жер титирөөдөн улам кыйраган имараттын алдынан табылган адамды алып бараткан куткаруучулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2023
Жапаров Түркиядагы адам өмүрүн алган зилзаладан улам Эрдоганга көңүл айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0