6-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан унаалар. Архивдик сүрөт
Жолдо бараткан унаалар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. 6-февралда өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт, бирок жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
ӨКМ тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар экендигин айтып, зарылчылык болбосо айдоочуларды алыскы жолго сапарга чыкпоого чакырды.
Абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Талас аймагында +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көл өрөөнүндө +1...+6 градус жылуу болсо, Нарында -2...-7 градуска чейин суук болору болжолдонду.
Борбор калаа Бишкекте термометр +7...+9, ал эми Ош шаарында +9...+11 градус болот.
Жолду өтүп бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2023
Кар жаайт. Келерки аптада Кыргызстанда аба ырайы кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0