Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Майнап чыкпайт. АКШнын Киевге ыраакка атылчу бомба берүү чечимине Россиянын жообу

© AP Photo / Alex BrandonАКШнын Украинага аскерий жардамы. Архив
АКШнын Украинага аскерий жардамы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Жазылуу
Америка Украинага 2,2 миллиард долларлык аскердик жардам топтому бөлүнгөнүн жар салган.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. АКШнын Киевге кубаттуу курал-жарак бериши — жаңжалды атайылап күчөтүү аракети. Бул тууралуу Россиянын элчиси Анатолий Антонов Вашингтондун Украинага ыраакка атылуучу GLSDB бомбаларын берүү чечими боюнча пикирин билдирип жатып айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
АКШ жума күнү Украинага 2,2 миллиард долларлык аскердик жардам топтому бөлүнгөнүн жар салган. Анда абадан коргонуучу каражаттар, HIMARS үчүн узакка жүрүүчү ракеталар жана GLSDB снаряддары бар. Пентагон бул куралдарды Киев Крымга сокку жасоодо колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап көрөт деп билдирген.
Антонов Россиянын жеңилиши үчүн Вашингтон мындай аракеттерине чек койбой турганын белгилеген.
"Киевге улам-улам кубаттуу куралдарды берүүнүн артында АКШнын жаңжалды күчөтүү максаты турат. Администрация Украинанын "картасына" баарын киргизди — жеке эл аралык аброюн, америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасын жана украин аскерлеринин өмүрүн берди. Жашоочулардын ыктыяры менен Россиянын курамына кирген бардык жерлер биздин мекенибиз, аны биз болгон күчүбүз менен коргойбуз. Россияга зыян алып келебиз деген аракеттерден эч бир майнап чыкпайт", — деген дипломат.
Ал АКШ жагдайды канчалык эрте түшүнсө жаңжал ошончолук эрте бүтөрүн кошумчалаган.
GLSDB — чакан диаметрлүү жерге ылайыкталган бомба, анда снарядга ракетанын кыймылдаткычы кошулуп, HIMARS менен биргеликте колдонууга шартталган. GLSDB бомбаларын Boeing жана Saab компаниялары биргеликте чыгарып, Saab мындай таамай башкарылуучу куралдар 150 чакырым аралыкка чейин жетерин билдирген.
Россия өткөн жылдын 24-февралында Украинага атайын операциясын баштаган болчу. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери киевдик режим тарабынан геноцидге жана мазактоого кабылган элди коргоо" деп атаган. Бирок АКШ менен анын НАТО боюнча союздаштары ошондон бери Киевге 10 миллиарддаган долларлык курал жеткирүүдө. Россия Батыш тараптын Украинаны куралдандыруусу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна өбөлгө боло албашын жана мындан негативдүү жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин, Украинага берилген ар бир курал Россия үчүн мыйзамдуу бута болорун айтып келет.
Тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ менен НАТО Украинадагы согушка түздөн-түз катышып жатат деп айтып, алар Киевге курал-жарак жеткирүү менен чектелбестен Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө кадрларды да даярдап жатканын кошумчалаган.
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Россия менен тирешүү ойлогондон бир топ оор экенине көзү жетти
Жаңылыктар түрмөгү
0