Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия 8-февралда БУУ Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү өтүндү

© AP Photo / Julie JacobsonБУУ Коопсуздук кеңешинин жыйыны. Архив
БУУ Коопсуздук кеңешинин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2023
Жазылуу
Туруктуу өкүлдүн орун басары жыйында эмне тууралуу сөз болорун айтып берди.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Россия 8-февралда БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү өтүндү, анда Украина маселеси талкууланмакчы. Бул тууралуу февраль айында аталган кеңеште төрагалык кыла турган Мальтанын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Ванесса Фрейзер брифинг учурунда билдирди.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Поянский РИА Новостиге жыйын Батыштын курал-жарагы жөнөтүлүп жаткан учурда украин кризисин жөнгө салуунун келечегине арналарын белгилеген.
"Минск макулдашуусуна кол коюлган күн экенин да унуткарбайбыз", — деген дипломат.
Мындан тышкары, ал Киев режими Батыштагы демөөрчүлөрү менен биргеликте февраль айында БУУнун Башкы ассамблеясында атайын операциянын бир жылдыгына арналган иш-чара уюштура турганын кошумчалады.
Кечээ БУУ баш катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан Хак Москва менен Киевге сөзү өтө турган мамлекеттерден тараптардын согуштук аракеттерди токтотууга чакырышы керек экенин билдирген. Бирок Украина Куралдуу күчтөрүнө истребителдердин жөнөтүлүшү боюнча суроого уюмдун кайсы бир техника боюнча так позициясы жок экенин айтып жооп узаткан.
Германияда кызматкер газ түтүгүнүн клапанын бурап атат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШдан Украинадагы чатак эмнеге зарыл болгонун айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0