Кыргыз вискиси, Батыштын Борбор Азиядагы кадамдары. Лавровдун маегинен

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2023
Жазылуу
Россиянын тышкы саясат ведомствосунун башчысы Россия ЖККУ боюнча өнөктөштөрүнө Украинадагы атайын операцияны өткөрүүгө көмөктөшүүнү сурап кайрылбагандыгын айтты.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Россия 24" менен РИА Новости агенттигине кенен маек берди. Ал бир канча билдирүүлөрдү жасады. Төмөндө маанилүү учурларды тезис түрүндө беребиз:
Батыш өлкөлөрү Россияга курал жагынан жардам берип жатат деп учурда "бирде Түндүк Кореяны, бирде Иранды же дагы башка бирөөлөрдү күнөөлөп жатышат". Ансыз деле Россиянын аскердик-өнөр жай комплекси жакшы иштейт;
Батыш Борбор Азияга кирүүгө биринчи жолу эле аракет кылып жаткан жок. Алар америкалык, европалык, ал тургай НАТОлук көз караштагы бейөкмөт уюмдарды аталган аймактын айдыңына сиңдирүүгө аракет кылууда. Батыш "жумшак күч" аркылуу Борбор Азиядагы айрым тилектеш мамлекеттер менен достук алакадан күмөн санатууну каалап жатат. Бирок Батыштын далалаты олуттуу колдоого алынды деп айтууга эч кандай негиз жок. Ал эми коңшулар, союздаштар, стратегиялык өнөктөштөр бул оюндардын баарын көрүп жатат;
Азыр "экинчи Украина" жана "антироссия" ролуна Молдова жакындатылып турат. Бул өлкөнүн президенти, Румыния жараны НАТОго жанталаша умтулуп, баарына даяр турган кези;
Баарыбыз Украина менен болгон чатактын соңуна чыгышын каалап жатабыз. Бирок мында убакыт негизги маселе эмес. Украинадагы кырдаалды Батыштын аракеттери курчутуп жатканы ачык-айкын көрүнүп турат. Тынчтана албаган Батыштын сазга баткандай бул ишке байланып калышы операцияга чоң таасирин тийгизип жатат. Алар Украинаны сүйлөшүү процессинен оолактоого мажбурлашты. Ошондон бери Киевди Москва менен сүйлөшүүгө эч ким үндөгөн жок;
АКШ Евробиримдикти өз алдынчалыгынан ажыратып, колтугуна кыстарып алды;
Кытай батыштын финансылык механизмдеринен көз карандылыгын азайтты;
Россияны Кытай менен коркутууну каалагандар четтен чыгат. Бул Москва менен Пекиндин ортосуна от салууга ынтызарлык өтө күчтүү болуп жаткандыктан жасалууда. Россия менен Кытайдын мамилеси өз ара пайда алып келген позицияда. ЖККУ күчтөрүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциясы жок эле киргизе алат, аталган уюмдун уставына тиешелүү түзөтүү киргизүүгө даярдык жасалууда;
Россия Жаматтык коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдагы өнөктөштөрүнө Украинадагы атайын операцияны өткөрүүгө көмөктөшүүнү сурап кайрылган жок. Атайын аскердик операцияда коюлган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгы Россияда бар. РФ мындан ары да Украинадагы атайын операция боюнча ЖККУга жардам сурап кайрылышы күмөн. Себеби, россиялык куралдуу күчтөрдүн камсыздалганын эске алганда буга зарылдык жок;
Ал эми көз салып, артыкчылык берген ичимдиги — "Кыргыз виски".
АКШнын Мамлекеттик департаменти. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыштын РФти коңшулар менен араздаштыруу кадамын Борбор Азия колдогон жок
Жаңылыктар түрмөгү
0