РФте кыргыздар кандай жашап жатат. Кыргыз диаспорасынын ишинин жыйынтыгы

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы Улуттар аралык достук фестивалы
Москва шаарындагы Улуттар аралык достук фестивалы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2023
Жазылуу
Кыргыз диаспора кеңешинин телефон чалуу борборуна 7 054 кыргызстандык кайрылган. Аталган бирикменин шарапаты менен бир топ мекендештин маяна боюнча маселелеси чечилген.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Москва калаасында Россиядагы кыргыз диаспорасынын Жалпы россиялык жыйынтыктоочу III форуму өттү. Бул туурасында Кыргыз диаспора кеңешинин эл аралык мамилелер боюнча координатору Келдибек Маатбеков билдирди.
Иш-чара январдын соңунда Москва шаарындагы "Президент-отелде" өткөн. Максаты — РФтин аймагындагы диаспоралар ортосундагы аймак аралык кызматташтыкты кеңейтүү, эл аралык иштиктүү жана достук маанайдагы мамилелерди бекемдөө. Форумга Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик жана коомдук ишмерлери ардактуу конок катары чакырылган.
Иш-чаранын иштиктүү бөлүгүндө тегерек стол өтүп, кеңештин төрагасы Кубанычбек Осмонбеков, кеңештин эл аралык мамилелер боюнча координатору 2022-жылы жасалган иштер туурасында отчет беришти. Алар бир жылда баш-аягы 200дөн ашык иш-чаралар уюштурулгандыгын, анын 36сы спорттук жана 40ы маданий тармакка арналгандыгын айтышты. Мамлекеттик Кремль сарайында беш миңден ашуун көрүүчүгө "Элдердин достугу" аталышындагы гала-концерт өткөнү, "Голос" шоусунун X сезонунун жеңүүчүсү Александр Волкодавга колдоо көрсөтүлүп жана Кыргызстандын эл артисттери менен коомдук ишмерлердин он жолугушуусу уюштурулгандыгы маалымдалды.
Россиянын ар кыл шаарларында ар кандай 22 иш-чара болгон. Алар: билим берүү жаатындагы жолугушуулар, эл аралык бизнес-форумдар, кыймылсыз мүлк жаатындагы "Экспо-девелопмент 2022" аталышындагы Кыргызстандын Россиядагы үч күндүк жарманкеси жана 16 ар кыл кайрымдуулук акциясы эле.
Жогорку Кеңештин депутаттары менен — 25, өкмөт мүчөлөрү менен алты коомдук жолугушуулар өткөн. Кыргыз диаспора кеңешинин телефон чалуу борборуна 7 054 кыргызстандык кайрылган. Эң көп суроолор: кирүүгө салынган тыюу, өлкөдөн чыгарып жиберүү, айлыкты төлөбөй коюу жана документтерин жоготуп алуу боюнча келип түшкөн. Юридикалык бөлүмгө 1 720 адам кайрылып, алардын көйгөйүн чечүүгө көмөк көрсөтүлгөн. Аталган бирикменин шарапаты менен 170 мекендеш маяна боюнча маселелерде (топтоштура келгенде жалпы суммасы жети миллион рублге чукул ) кеп-кеңеш алса, 1 200 адам ишке орношкон", — деп отчетто айтылган.
Форумдагы тегерек столдо миграция, Кыргызстандын Россиядагы жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарынын корголушу талкууланган. Мигранттардын иштешине көмөк кылуу, эл аралык байланыштарды бекемдөө, регион аралык кызматташуу менен өз ара ымаланы бекемдөө маселелери да каралган. Иш-чаранын жыйынтыгы менен КМШга мүчө-мамлекеттердин диаспоралык уюмдарынын өз ара кызматташуусу боюнча меморандумга кол коюлган.
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022
Кирди-чыкты кылганда мигранттар эске алчу жагдайлар. Видео түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0