2-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүДарактын бутагында куш. Архив
Дарактын бутагында куш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2023
Жазылуу
2-февралга караган түнү республиканын тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бейшемби күнү айрым облустарда жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Талас өрөөнүндө +4...+9, Ысык-Көл жергесинде +1...+6, ал эми Нарында -1...-6 градус суук болот.
Бишкекте күндүн экинчи жарымында жамгыр, кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ошто +8...+10 градус болору болжолдонду.
Кыш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Баткенде 5-февралга чейинки аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0