Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: Иран Исфахандагы чабуулга Украинанын тиешеси бар деп шектенүүдө

© Sputnik / Евгений БиятовИран желеги. Архив
Иран желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2023
Жазылуу
Батыш өлкөлөрү Иран Россияны пилотсуз учактар менен камсыздап жатканын айтып келет.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Иран Исфахандагы соккулардын артында Украина турат деп шек саноодо. Бул тууралуу РИА Новости Amwaj.media басылмасына шилтеме берип жазды.
Буга чейин Tasnim агенттиги Украинанын Тегерандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Евгений Кравченко Ирандын Тышкы иштер министрлигине чакырылгандыгын кабарлаган. Кравченко буга чейин Украина президентинин кеңешчиси Михаил Подоляктын Киевдин Ирандын Исфахан шаарына пилотсуз учак менен жасалган чабуулга кыйыр түрдө тиешеси бар деген билдирүүсүнө байланыштуу чакыртылган.
Подоляк Твиттерде Исфахандагы Коргоо министрлигинин мекемесине пилотсуз учак менен кол салуу жана Азаршехрдеги заводдогу жардыруу Украинадагы окуяларга байланыштуу болушу мүмкүн экенин айткан.
Портал Тегерандагы атын атагысы келбеген жогорку даражалуу маалымат булагына таянып, "Украина потенциалдуу күнөөлүүлөрдүн катарына кирет" деп жазган.
Эскерте кетсек, Ирандын аскердик объектилерине пилотсуз белгисиз учактар чабуул жасап, соккудан кийин Исфахандагы ок-дары кампасында, Тебриздеги аскердик заводдо жана бир катар шаарлардагы башка аскердик инфраструктуралык объектилерде дагы жарылуулар болгон.
Батыш өлкөлөрү Иран учурда Украинадагы аскердик операциялар үчүн Россияга пилотсуз учактарды берип жатат деп айтып келет. Москва менен Тегеран мындай айыптоолорду бир нече жолу четке каккан. Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан Тегеран Россияга учактарды бергенин, бирок бул Украинадагы атайын операция башталганга чейин бир нече ай мурда болгонун билдирген. Буга жооп катары Иран да Евробиримдикке каршы санкцияларын кеңейткен.
Центральная площадь Киева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Ирандын объектилерине урулган соккуга Киевдин реакциясы кескин сынга алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0