Кар көп жаайбы? Ысык-Көлдө кийинки аптанын аба ырайы

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүКар баскан талаа. Архив
Кар баскан талаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Жазылуу
Жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда келе жаткан аптада кандай аба ырайы болорун Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-31-январда жана 1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
2-февралда күндүз жана 3-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн.
4-февралда айрым жерлерде, 5-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлүүдө.
Ош шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Алдыдагы аптада Ош облусунда кандай аба ырайы күтүлүп жатат?
Жаңылыктар түрмөгү
0