Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Усеналиева: иштен алынган саясий кызматкер сотко кайрыла албайт

© Sputnik / Асел АкматМамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Усеналиева
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Усеналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Жазылуу
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Усеналиева административдик кызматка келүүнү каалагандарга эмне үчүн конкурстук суроолор оор экенин түшүндүрдү.
Саясаттабы, административдик багытта болобу, мамлекеттик кызматкердин өз түйшүгү, милдеттери бар. Бирөөсүн жакшы же жаман, экинчисин татаал же жеңил деп бөлүүгө болбойт. Мындай пикирин Бактыгүл Усеналиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Усеналиева: иштен алынган саясий кызматкер сотко кайрыла албайт
Анын айтымында, мамлекеттик кызматкер болуу үчүн адам патриот болуусу зарыл.
"Кадрлар резервинин үч түрү бар. Биринчиси — аймактык, анда жергиликтүү администрация башчылары: акимдер жана алардын орун басарлары болот. Экинчиси — муниципалдык, бул жерде айыл өкмөттөрү, шаар мэрлери жана анын орун басарлары, үчүнчүсү — бул ар бир мамлекеттик органдын өзүнүн ички резерви. Бул үч кадр резервдеринин бири-бири менен байланышы жок. Башкача айтканда, кызматкер кайсы резервге тапшырса, келчү кызматын ошол жерден күтөт. Тиешелүү документтерин тапшырып, конкурстан өтүп, баарлашууга кирип, айтор, бардык талаптардан өткөндөр гана резервге катталат. Биринен алып экинчисине дайындоолор болбойт. Административдик кызматкер болуу тартиби ушундай. Ооба, аталган конкурстарда өзүнүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү мыйзамдарды билүүсү талап кылынат. Ошондуктан да административдик кызматкерлер үчүн конкурстардын талабы оор деп келишет. Бирок биз бир нерсени унутпашыбыз керек. Саясий кызмтакерлер кызматынан акыйкатсыздык менен алынган учурда сотко кайрыла алышпайт. Саясий чечим менен гана дайындалып, кызматтан кете беришет. Ал эми административдик кызматкерлерге карата кызматынан акыйкатсыздык менен кыскартылып же иштен алынса сотко кайрылып, кайра ордуна келүү мүмкүнчүлүгү бар",— деди Усеналиева.
Ал административдик кызматкерлер ошол мекеменин аппаратынын өзөгүн түзгөндүктөн аларга талаптар жогору экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0