Мамкурулуштун жаңы жетекчиси Мырзабек Жыпаркуловдун өмүр баяны

Мырзабек Жыпаркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Жазылуу
Бүгүн, 26-январда, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси кызматтан алынып, Мырзабек Жыпаркулов дайындалган.
Мырзабек Жыпаркулов 1977-жылы 25-майда туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн. Ал "Авиабизнес" жогорку мектебинин (Россия) студенти болуп, Пенсильвания университетинде (АКШ) тил курстарын аяктаган.
Эмгек жолу:
2000-2002-жылдары — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетинде окутуучу;
2002-2004 — Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын студенти;
2004-2007 — "Кыргызстан аба жолдору" ААКнын Москва шаарындагы башкы өкүлү;
2008-2009 — Кыргызстандагы коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинде (АРИС) уюштуруу-инспектордук иштер жана мамлекеттик аппараттын региондук мониторинги бөлүмүнүн консультанты;
2010-2010 — Бишкек өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары;
2010-2011 — Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2012-2013 — "Ала-Тоо курулуш" курулуш жана аймактык өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директорунун кеңешчиси;
2013-2013 — өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директорунун кеңешчиси;
2013-2013 — өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын укуктук камсыздоо жана эмгекти коргоо башкармалыгынын начальниги;
2013-2014 — Мамэкотехинспекциянын укуктук камсыздоо жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги;
2014-2015 — Мамэкотехинспекциянын директорунун орун басары;
2016-2016 — өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси;
2017-2020 — "Альфа-Телеком" ЖАКтын аймактык филиалынын директору (Ош);
2020-2021 — Мамэкотехинспекциянын директору;
2021 — "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКнын директору;
2021 — Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын жетекчиси.
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Мырзабек Жыпаркулов Мамкурулуштун жетекчиси болуп дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0