Жабырлануучуну 1 млн. долларга алдаганга шектелүүдө. ИИМ Жеңиш Разаков тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков. Архив
Мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Жазылуу
Мурдагы вице-премьерге "Алдамчылык" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Алдамчылыкка шектелип кармалган мурдагы вице-премьер министрдин кылмыш ишинин чоо-жайын ИИМ айтып берди.
ИИМдин маалыматында, былтыр сентябрда Тергөө кызматына Б.А. аттуу жаран кайрылып, 2017-жылы Разаков кызмат абалынан пайдалануу менен ишенимине кирип, ишкердик жүргүзөбүз деп бир миллион долларын алып бербей койгондугун билдирген.
Былтыр сентябрда Разаковго Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча иш козголгон.
Ал 24-январда кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бүгүн, 26-январда, ага "Алдамчылыктан" сырткары "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыбы угузулган. Ушул эле күнү Биринчи май райондук сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы аныкталып, 24-февралга чейин №1 тергөө абагына камакка алынды.
Разаков вице-премьер болуп эки жолу — 2016-жылы жана 2018-2020 жылдары иштеген.
Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
52 млн. сом зыян келтирилген. УКМК салык кызматкерин кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0