Түркиялык саясатчы бийликке НАТОдон чыгууга чакырык жасады

© AP Photo / Lefteris PitarakisТүркиянын желеги. Архив
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Жазылуу
Түркия лидери Куран өрттөлгөн жана аны мазактаган акциядан кийин Стокгольм эми НАТОго кирүүдө Анкаранын колдоосун күтпөй эле коюшун эскерткен.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Түркия НАТОдон чыгышы керек. Мындай пикирин "Мекен" партиясынын төрагасынын орун басары Этем Санчак айтканын РИА Новости Aydınlık басылмасына таянып жазды.
"НАТО өзүнүн чагымчылдыгы менен бизди бул кадамга барууга мажбурлап жатат. Коңшубуз Греция менен кагыштырганга аракет кылууда. Түркия 5-6 айдан кийин НАТОдон чыгып кетет. Алар бизди Жакынкы Чыгыштагы кургуйга кошо тарткысы келет. Швеция менен Нидерланддын Куранга каршы жасаган акциясын көрүп жатасыңар. НАТОдон чыгып кетүү — биз үчүн токтоосуз жана милдеттүү түрдө жасай турган иш болуп калды", — деди ал.
Санчак эл арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо түркиялыктардын 80 пайызы АКШ Анкарага карата кастык жана кыйратуучу саясат жүргүзгөн өлкө деп санашарын көрсөткөнүн айтты.
"Түркия калкы кайрадан эле Россия менен Путинге өзүнүн жакшы мамилесин көрсөтө баштады. Эл келе жаткан кооптуулукту көрө билип, өкмөттүн алдында жүрдү", — деп сөзүн жыйынтыктаган саясатчы.
Өткөн аптада Стокгольмдо (Швеция) ашынган оңчул саясатчы Расмус Палудан Түркиянын элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн. ЖКМлар ал муну кылуу үчүн Швеция бийлигинен уруксат алганын жазышкан. Палудан "Түркияга чыныгы сөз эркиндигин көрсөтүүнү" каалаганын айткан.
Ошол эле күнү Түркия Тышкы иштер министрлиги Курандын өрттөлүшү Европадагы исламофобия, расизм жана дискриминациянын деңгээлин тастыктап, Швеция НАТОго кошулуу боюнча кол койгон үч тараптуу меморандумдун милдеттенмелерине карама-каршы келерин билдирген. Анда террордук уюмдарды пропаганда кылуунун алдын алуу иштери боюнча да айтылды.
Мындан сырткары, эки апта мурда Күрдстандын Жумушчу партиясы Стокгольмдо акция өткөрүп, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганды мазактап кыйкырышкан. Мындан кийин Түркия лидери Стокгольм эми НАТОго кирүүдө Анкаранын колдоосун күтпөй эле коюшун жар салган.
Эске салсак, Россия Стокгольмдо Курандын өрттөлүшүн туура эмес деп таап, сындаган мамлекеттердин катарында турат.
Стамбулдун райондорунун биринде түрк желектери менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2023
Куранды эми Нидерландда өрттөштү. Түркия ТИМинин кадамы
Жаңылыктар түрмөгү
0