Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Маматалиев: ыш көйгөйүн чечсе болот, жолу табылды

© Sputnik / Асел Акмат"Ынтымак" фракциясынын лидери Марлен Маматалиев
Ынтымак фракциясынын лидери Марлен Маматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Жазылуу
"Ынтымак" фракциясынын лидери Марлен Маматалиев борбор калаадагы ыш маселесин чече турган фильтри иликтенип жатканын айтты.
Польшада бир илимпоз түтүндөн абаны тазалаган фильтр ойлоп таап, патенттеп коюптур. Аны ар бир үйгө орнотуу менен эле маселе чечилет экен. Бул тууралуу Марлен Маматалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Маматалиев: ыш көйгөйүн чечсе болот, жолу табылды
Анын айтымында, депутат интернеттен көргөн фильтр менен жакындан таанышкан соң Кыргызстанга франшиза сурайт.
"Бишкектеги ыш маселесин 2-3 жылда чечип койсо болот. Ал үчүн конкреттүү органдар, адамдар жоопкерчилик алуусу зарыл. Ыш менен күрөшүү боюнча биз атайын токтом чыгарганбыз. Ошол жакта да бул маселелер айтылган. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары башында туруп, бул көйгөй менен тиешелүү органдар күрөшүүсү зарыл. Ошондой эле мен өзүм жакында интернеттен бир польшалык окумуштуунун абаны ыштан тазалай турган фильтр ойлоп тапканын көрдүм. Ал жабдык ар бир үйгө орнотулат экен. Ал түтүндүн баарын соруп алып, бууга айлантып чыгарып турат. Мен өкмөткө да бул тууралуу билдирдим, өзүмдүн партиямдын жаштар канатына да тапшырма бердим. Жол акысын төлөп берейин, барып жеринен иштегенин көрүп, жакындан таанышып, боло турган иш болсо Кыргызстанга франшизасын алып келгиле деп жатам. Анда жакыр үй-бүлөлөргө мамлекеттин эсебинен, ал эми колунда барлар өз чөнтөгүнөн сатып алып орнотсок борбор калаанын абасы тазаланып калат эле. Мен буга чейин бул долбоор тууралуу эч жерде айта элек болчумун. Андыктан ишке ашып калса да сиздердин студияга келип кенен баяндап берейин", — деди Маматалиев.
Эл өкүлү ыштын пайда болушунун негизги себеби катары айла жоктон жаңы конуштарда сапатсыз көмүр жагылып жатканын атады.
Жаңылыктар түрмөгү
0