26-январга карата аба ырайы

© Фото / Азамат АйтбаевЖети-Өгүз районундагы тоолор. Архив
Жети-Өгүз районундагы тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Жазылуу
26-январга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгалак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Ысык-Көл аймагынын айрым жерлеринде кар жаайт. Башка облустарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө -1...+4, Талас өрөөнүндө -2..+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0...+5, Ысык-Көлдө +1...+6, ал эми Нарында -6...-11 градус болот.
Термометр Бишкекте 0...+2, Ош калаасында +3...+5 градусту көрсөтөт.
Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Ардак кароолунун курамын алмаштыруу учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2023
Күн жылый баштайт. Бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0