Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан ири өрттү беш саат өчүрүштү

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан ири өрттү өчүрүштү
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан ири өрттү өчүрүштү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2023
Жазылуу
ӨКМ тилсиз жоодон жабыркагандар жок экендигин билдирди.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында бүгүн Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабаралашты.
Тилсиз жоону басууга саат 12:25те өрт өчүрүүчү алты бригада чыгып кеткен.

"Өрт саат 14:55те чектөөгө алынып, толук саат 17:13тө өчүрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча, өрт жайылган жалпы аянт 540 чарчы метрди түздү", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ тилсиз жоодон жабыркагандар жок экендигин билдирди.
Учурда тиешелүү тараптар өрттүн эмнеден келип чыккандыгын тактап жатканын кошумчалады.
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатыры өрттөнүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2023
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатыры өрттөнүүдө. Учурда эмне болуп жатат – видео, сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0