Алайда чана тээп жаткан кыз муздун алдына түшүп кетип каза болду

© Фото / пресс-служба МЧС КРАлайда муздун алдына түшүп кеткен 6 жашар кызды куткаруу иштери
Алайда муздун алдына түшүп кеткен 6 жашар кызды куткаруу иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ош облусунун Алай районундагы Чоң-Бүлөлү айылында алты жашар кыз муздун алдына түшүп кетип көз жумду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кырсык кыз чана тээп жатканда болгон.
Жерине Алай районунан ӨКМдин 4 куткаруучусу, ИИМдин бир кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 30 адам барып, бөбөктүн сөөгүн муздун астынан чыгарып туугандарына өткөрүп беришкен.
Өрт өчүрүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Жалал-Абадда эки жашар кыз түтүнгө ууланып чарчап калды. Агасы реанимацияда
Жаңылыктар түрмөгү
0