30 жыл толду. Лукашенко Жапаровго куттуктоо жолдоду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБеларусь президенти Александр Лукашенко жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Беларусь президенти Александр Лукашенко жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2023
Жазылуу
Президент эки өлкөнүн достук мамилеси мындан ары да чыңаларына ишенерин билдирди.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Достуктун жана сый-урматтын салттарына таянуу менен акыркы он жылдыкта биздин мамлекеттер татыктуу биргелешкен жолду басып өттү. Минск менен Бишкектин өз ара аракеттенүүсү терең жана ар тараптуу мүнөзгө ээ болду. Соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык активдүү өнүгүп жатат, интеграциялык бирикмелердин алкагында конструктивдүү диалог түзүлдү", — деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле Лукашенко эки өлкөнүн өнөктөштүгү мындан ары да чыңдаларына ишенерин билдирген.
Беларусь лидери Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана Ата мекендин жыргалчылыгы үчүн маанилүү ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалаган.
Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2023
Кыргызстан менен Беларустун коргоо министрлери жакын арада жолугушууну макулдашты
Жаңылыктар түрмөгү
0