https://sputnik.kg/20230120/nazarbaevge-operatsiyany-kyrgyzstandyn-murdagy-zharany-bolgon-khirurg-zhasady-1072186889.html
Назарбаевге операцияны Кыргызстандын мурдагы жараны жасады. Ал жөнүндө эмне белгилүү
Назарбаевге операцияны Кыргызстандын мурдагы жараны жасады. Ал жөнүндө эмне белгилүү
Sputnik Кыргызстан
Пя Кыргызстанда бир топ жыл эмгектенип, андан соң мурдагы саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев менен Түркияда 14 жылга чукул иштеген. 20.01.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-01-20T13:45+0600
2023-01-20T13:45+0600
2023-11-01T11:44+0600
казакстан
нурсултан назарбаев
жүрөк
операция
кардиолог
юрий пя
талантбек батыралиев
https://sputnik.kg/img/104322/77/1043227768_78:224:2649:1670_1920x0_80_0_0_1cd1585133928f6f7b1335a87ef0fe33.jpg
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасаган Юрий Пя — Кыргызстандын мурдагы жараны, республикада бир топ жыл эмгектенген. Бул туурасында мурдагы саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев айтып берди.Юрий Пя — белгилүү кардиохирург. Казакстанда туулган, Москвадагы мамлекеттик медициналык институтту аяктаган. Ординатураны Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы улуттук илимий борбордон өткөн.1982-1994-жылдары Кыргызстанда иштеп, андан соң Түркияга кеткен.Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө токтолсок, 1982-1984-жылдары Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек – ред.) № 3 балдар ооруканасында врач-интерн болгон. Андан соң 1985-жылга чейин Республикалык клиникалык ооруканада врач-рентгенолог, врач-кардиохирург милдетин аркалаган. 1985-1994-жылдар арасында Фрунзедеги кардиология боюнча Кыргыз илим-изилдөө институтунун жүрөк-кан тамыр хирургу болгон.Батыралиевдин айтымында, 14 жылга чукул Түркияда чогуу иштешкен. Андан соң Пя Казакстанга кеткен.Лео Бокерия — советтик жана россиялык кардиохирург, ойлоп табуучу, профессор. Экс-министрдин айтымында, Астана шаарындагы аталган борбор жүрөккө операция жасоо боюнча учурда дүйнөдөгү эң мыкты деген медициналык жайлардын катарына кирет.
https://sputnik.kg/20230120/nazarbaevdin-zhuroguno-operatsiya-zhasaldy-1072185432.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104322/77/1043227768_342:243:2418:1800_1920x0_80_0_0_1a8bad178a89e9e55edfff448de9aea2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
казакстан, нурсултан назарбаев, жүрөк, операция, кардиолог, юрий пя, талантбек батыралиев
казакстан, нурсултан назарбаев, жүрөк, операция, кардиолог, юрий пя, талантбек батыралиев
Назарбаевге операцияны Кыргызстандын мурдагы жараны жасады. Ал жөнүндө эмне белгилүү
13:45 20.01.2023 (Жаңыртылды: 11:44 01.11.2023) Пя Кыргызстанда бир топ жыл эмгектенип, андан соң мурдагы саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев менен Түркияда 14 жылга чукул иштеген.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасаган Юрий Пя — Кыргызстандын мурдагы жараны, республикада бир топ жыл эмгектенген. Бул туурасында мурдагы саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев айтып берди.
Юрий Пя — белгилүү кардиохирург. Казакстанда туулган, Москвадагы мамлекеттик медициналык институтту аяктаган. Ординатураны Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы улуттук илимий борбордон өткөн.
1982-1994-жылдары Кыргызстанда иштеп, андан соң Түркияга кеткен.
Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө токтолсок, 1982-1984-жылдары Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек – ред.) № 3 балдар ооруканасында врач-интерн болгон. Андан соң 1985-жылга чейин Республикалык клиникалык ооруканада врач-рентгенолог, врач-кардиохирург милдетин аркалаган. 1985-1994-жылдар арасында Фрунзедеги кардиология боюнча Кыргыз илим-изилдөө институтунун жүрөк-кан тамыр хирургу болгон.
Батыралиевдин айтымында, 14 жылга чукул Түркияда чогуу иштешкен. Андан соң Пя Казакстанга кеткен.
"Ал — Кыргызстандын мурдагы жараны. Экөөбүз бир топ жыл чогуу иштегенбиз. Анын медицина илимдеринин кандидаттык ишине мен, ал эми докторлук ишине атактуу кардиохирург Лео Бокерия экөөбүз жетекчи болгонбуз", — деп билдирди Батыралиев.
Лео Бокерия — советтик жана россиялык кардиохирург, ойлоп табуучу, профессор.
Экс-министрдин айтымында, Астана шаарындагы аталган борбор жүрөккө операция жасоо боюнча учурда дүйнөдөгү эң мыкты деген медициналык жайлардын катарына кирет.