Өзбекстандык хирургдар Кыргызстандан барган сиам эгиздерин ажыратып беришти

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүХирург операция алдында. Архив
Хирург операция алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2023
Жазылуу
Адистер бөбөктөрдүн абалын туруктуу деп баалашууда. Министрлик жакын арада кыздар ооруканадан чыгарыларына үмүт артып жатат.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Өзбекстандык дарыгерлер Кыргызстандан барган сиам эгиздерин ажыратуу боюнча операцияны ийгиликтүү жасашканын аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ымыркайлар 2022-жылдын 31-майында жарыкка келген. Министрликтин маалыматы боюнча, эгиздер биригип калганы тууралуу кош бойлуулуктун 28-жумасында белгилүү болгон. Аял Оштон Бишкекке жөнөтүлүп, кыздар операция жолу менен 1 600 грамм болуп төрөлүшкөн. Бөбөктөргө Фотима жана Зухра деген ысым ыйгарылган.
Наристелердин ата-энеси Өзбекстандагы туугандарынан Республикалык перинаталдык борбордун алдында неонаталдык хирургия борбору бар экенин билишкен. Аталган жайда жаңы төрөлгөн ымыркайларга оор операциялар жасалып келет.
Ооруканага ата-эне былтыр июнда кайрылган. Дарыгерлер операцияга бир нече ай даярданганы айтылды.
"Боорунан жана башка кан тамырларынан көп кан кетпеши үчүн операция учурунда ультраүн жана аргон скальпели, ошондой эле bloodstop деп аталган гемостатикалык материал колдонулган. Натыйжада балдарды ажыраттык. Бактыга жараша, ымыркайлардын өтү эки башка экен. Бул дене бөлүнгөндөн кийин да өт өз функциясын аткара берет деген кепилдик берди", — деп айтылат маалыматта.
Фотима менен Зухрага операцияны тажрыйбалуу хирург-неонатологдордун бригадасы жасаган.
"Адистер наристелердин абалын туруктуу деп баалоодо. Жакын арада ооруканадан чыгышат деген үмүт бар", — дешти министрликтен.
Өзбекстандын саламаттык сактоо министри Амрилло Иноятов операцияга катышкан дарыгерлерди "Саламаттык сактоонун мыктысы" төш белгиси менен сыйлады.
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2023
Кыргызстанда орган алмаштырууда донорлорду аныктоочу лаборатория ачылат
Жаңылыктар түрмөгү
0