https://sputnik.kg/20230118/moskvada-mekendeshterin-tonop-kyrgyzstandyktar-karmaldy-1072117213.html
Москвада мекендештерин тоноп жүргөн кыргызстандыктар кармалды. Сүрөттөрү
Москвада мекендештерин тоноп жүргөн кыргызстандыктар кармалды. Сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Укук коргоо органдары бул топтун башка кылмыштарга дагы тиешеси болушу мүмкүн экенин айтып, алардан жабыркагандарды милицияга кайрылууга чакырды. 18.01.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-01-18T10:35+0600
2023-01-18T10:35+0600
2023-01-18T10:35+0600
россия
кыргызстан
кылмыш иши
тоноо
шектүү
иим
милиция
https://sputnik.kg/img/07e7/01/12/1072116451_0:73:841:546_1920x0_80_0_0_70ca739edf89c8d4b90f56c928362cb9.jpg
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Москвада кыргызстандыктардан турган уюшкан кылмыштуу топ кармалгандыгын билдирди. Алар мекендештерин тоноп жүрүшкөн.ИИМ кабарлагандай, 11-январда түнкү саат экиде белгисиз бирөөлөр кыргыз жаранын кыйнап автоунаага салып барып, сабап, коркутушкан. Соңунда 100 миң рубль талап кылышкан.Жабырлануучу милицияга кайрылып, натыйжада адам уурдоо, күч колдонуу жана өмүрүнө коркунуч келтирүү фактысы боюнча иш козголгон.Көп өтпөй Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте төрт кыргызстандык шектүү катары кармалды:Шектүүлөрдүн биринен тапанчага жана бычакка окшош буюм алынган.Укук коргоо органдары учурда бул топтун башка кылмыштарга дагы тиешеси болушу мүмкүн экенин айтып, алардан жабыркагандарды +7 926 890-87-00 номерине кайрылууга чакырды. Купуялуулук сакталат.
https://sputnik.kg/20230118/tergoo-abagy-kosh-boyluu-ulgaygandar-1072109773.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/12/1072116451_8:0:833:619_1920x0_80_0_0_545f0ff780e6561715b779a179ae8b3e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, кыргызстан, кылмыш иши, тоноо, шектүү, иим, милиция
россия, кыргызстан, кылмыш иши, тоноо, шектүү, иим, милиция
Москвада мекендештерин тоноп жүргөн кыргызстандыктар кармалды. Сүрөттөрү
Укук коргоо органдары бул топтун башка кылмыштарга дагы тиешеси болушу мүмкүн экенин айтып, алардан жабыркагандарды милицияга кайрылууга чакырды.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Москвада кыргызстандыктардан турган уюшкан кылмыштуу топ кармалгандыгын билдирди. Алар мекендештерин тоноп жүрүшкөн.
ИИМ кабарлагандай, 11-январда түнкү саат экиде белгисиз бирөөлөр кыргыз жаранын кыйнап автоунаага салып барып, сабап, коркутушкан. Соңунда 100 миң рубль талап кылышкан.
Жабырлануучу милицияга кайрылып, натыйжада адам уурдоо, күч колдонуу жана өмүрүнө коркунуч келтирүү фактысы боюнча иш козголгон.
Көп өтпөй Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте төрт кыргызстандык шектүү катары кармалды:
Базар-Коргон районунун тургуну 30 жаштагы Ж.А. ("Аза большой" каймана аты менен таанымал жаран);
Базар-Коргон районунун тургуну 30 жаштагы О. уулу Э.;
Лейлек районунун тургуну 34 жаштагы С.А.;
Талас районунун тургуну 24 жаштагы Ж.Н.
Шектүүлөрдүн биринен тапанчага жана бычакка окшош буюм алынган.
Укук коргоо органдары учурда бул топтун башка кылмыштарга дагы тиешеси болушу мүмкүн экенин айтып, алардан жабыркагандарды +7 926 890-87-00 номерине кайрылууга чакырды. Купуялуулук сакталат.