00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Забег без границ: One Run в Бишкеке объединит бегунов из 20 стран
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Батирди алмаштырса болобу — МИКтин кезегинде турган жарандарга үй кантип бөлүштүрүлөт?
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Сому-32 года: история главного экономического решения независимого Кыргызстана
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл окуу жылын 215 миң бүтүрүүчү аяктайт — мектептерде акыркы коңгуроо иш-чарасы качан өткөрүлөт?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкөдө жазгы талаа жумуштары уланууда — быйыл кандай өсүмдүктөргө басым жасалды?
13:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мигранттар үчүн эскертме. Россия Федерациясында кантип кара тизмеге кирбеш керек же кантип чыкса болот
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От блогера до ведущего: как школьник из КР попал в центр «Сириус»
16:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
48 жыл мектепте иштеген Чыңгыз Айтматовдун биринчи мугалими Дүйшөн
17:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Зелёная энергетика и экономика: как выстроить экологическую инфраструктуру в Кыргызстане?
18:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Чоюн билек балбандардын Азиядагы жеңиши — Кыргызстандын кол күрөшчүлөрү Азия чемпионатынан 26 алтын медаль утту
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Кузнечная крепость в Бишкеке — история происхождения древнего городища
20:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мигранттар үчүн эскертме. Россия Федерациясында кантип кара тизмеге кирбеш керек же кантип чыкса болот
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ИИМ академиясында окуган кыздын өлүмү. Сот иштин чоо-жайын айтты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖолдон өтүп бараткан кыз. Архив
Жолдон өтүп бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2023
Жазылуу
Кылмышка шектүү үй камагына чыгарылган. Ал милиция кызматкери экендиги белгилүү болду.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. ИИМ академиясында окуган кызды койдуруп кеткен айдоочуну үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган Свердлов райондук сотунун судьясы Айзада Исаева маалымат жыйында иштин чоо-жайын айтып берди.
Буга чейин каза болгон кыздын туугандары менен бүлөнүн жакын адамдары президент Садыр Жапаровго ишти көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен кат жолдошкон. Алар сот адилетсиз чечим чыгарганын айтып, кылмышка шектелип жаткан жаран мурунку милиция кызматкери экендигин белгилешкен.
Исаева баш коргоо чарасын кароо учурунда шектүүдөн катуу ооруга чалдыккандыгы тууралуу маалымкат алынганын айтты. Мындан улам адамды камакта кармоого мүмкүн болбогон оор илдеттин тизмеси жөнүндөгү өкмөттүн токтомунун негизинде аны тергөө абагына киргизишкен эмес. Үй камагына алынган айдоочу зарыл болгон учурда ооруканаларга барып келбегенин кошпогондо күнү-түнү үйдө болору айтылды. Шектүүнүн күбөлөргө басым жасоосун алдын алуу үчүн смартфон жана башка байланыш каражаттарын пайдалануусуна тыюу салынган.
"Бөгөт коюу чарасы кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу болуп саналбайт. Тергөө учурунда аны колдонуу маселеси гана чечилет. Адамды камакка алуу үчүн тергөө адам качып кетерин же документтерди жок кыларын далилдеши керек. Сот ошондой эле шектүүнүн ден соолугун да эске алат", — деп түшүндүрдү судья.
Анын айтымында, шектүү мурда милиция кызматкери болгон, азыр пенсияда. 2013-жылы ден соолугуна байланыштуу укук коргоо органдарынан кеткен. Сотто анын наамы боюнча майор экени тууралуу маалымат жок.
Исаеванын айтымында, кылмышка шектүү 2016-жылы бир бөйрөгүн алмаштырып, экинчисин алдырган. Бирок "бөйрөк оорусунун 5-стадиясы, өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги термикалык стадиясында" деген диагноз калган. Буга байланыштуу ал 2016-жылдан бери гемодиализ алып келет.
Маалымат жыйында каза болгон 24 жаштагы кыз Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанты эместиги айтылды. Маркум ИИМ Академиясынын квалификациясын жогорулатуу борборунда атайын баштапкы кесиптик окуу курстарынын угуучусу эле.
Каргаша 9-январда эртең менен Бишкек шаарындагы Жибек Жолу менен Республика көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кыз каза таап, ал эми айдоочу качып кеткен. Кайгуул милициясы анын кармалгандыгын 13-январда билдирген. Шектүүнүн жактоочусу ал кишинин бөйрөгү ооруй тургандыгын жана 2016-жылдан бери гемодиализ аларын тастыктаган документтерди көрсөткөн. Соттон бул өкмөттүн атайын токтому менен оор илдеттердин тизмесине киргизилгендиктен, аны камоого жол бербей тургандыгын айтышкан.
Түрмөдө күзөтчү камеранын эшигин жаап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2023
ИИМ академиясында окуган кыздын өлүмү: сот айдоочуну эмнеге камаган жок? Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0