Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Баткенде жаңы курулган 30 үй колдонууга берилди. Видео

Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2023
Жазылуу
Өткөн жылдын сентябрында Тажикстандын агрессорлук менен кол салуусунун кесепетинен Кыргызстанда 1 158 объект талкаланса, анын ичинен 613ү турак үйлөр экени айтылган.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бүгүн, 18-январда, Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам Баткен облусунда керектен чыккан үйлөрдүн ордуна жаңы курулган үйлөр колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
"Бүгүн 30 үй колдонууга берилди, жалпы 45 үй толук курулган. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулушу аяктаган үйлөрдүн ээлерине Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон тапшырды", — деп айткан Орунбеков.
Ошондой эле алдыңкы 10 күн ичинде дагы отузга жакын үйдүн курулушу аягына чыгаары, калгандарынын курулуш иштери 80-90 пайызга аткарылганы айтылган.
"Турак жайлардын жумуштарын мартта толук бүткөрүп, ээлерине өткөрүү тапшырмасы коюлду", — деп кошумчалаган Орунбеков.
Буга чейин үйлөр республикалык бюджеттин эсебинен салынып, кирпич менен көтөрүлүп, монолит менен жабылары маалымдалган.
Өткөн жылдын сентябрында Тажикстандын агрессорлук менен кол салуусунан улам Кыргызстанда 1 158 объект талкаланса, анын ичинен 613ү турак үйлөр экени айтылган.
Баткен облусунун Капчыгай айылындагы үй Тажикстандын аткылоосунан жабыркаган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткендеги кагылышта көз жумган тургундардын үй-бүлөсүнө 1 млн. сомдон берилет
Жаңылыктар түрмөгү
0