Чүйдө кытай бизнесмендерине кол салгандар кармалды

© Фото / пресс-служба МВД КРЧүйдө кытай бизнесмендерине кол салгандар кармалды
Чүйдө кытай бизнесмендерине кол салгандар кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2023
Жазылуу
Кылмышка шектелип кармалгандардын арасында кылмыштуу топтун мүчөсү бар.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы чет элдик ишкерлерди карактоо үчүн кол салгандарды кармагандыгын билдирди.
Маалыматта 9-январь күнү таңкы саат 05:00дө Сокулук айылындагы ишканалардын биринин имаратына бет капчан, куралчан төрт адам киргендиги айтылат.
"Алар фирманын кызматкерин жана Кытайдан келген ишкерлерди сабап, байлап, ишканадан 650 миң сомду алып кетишкен", — деген милициядан.
Аталган факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 207-беренесинин ("Каракчылык") негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө тоноочулукка шектелип беш адам, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бишкекте унаасы менен кызды сүзүп кетти делген айдоочу кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2023
ИИМ академиясында окуган кыз жол кырсыгынан каза болду. Шектүү кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0