Беларуста окуйм деген кыргызстандыктар үчүн ЖОЖдон алты орун бөлүндү

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүМинск шаары. Архив
Минск шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2023
Жазылуу
Аталган өлкөнүн окуу жайларында кыргызстандыктар гранттык негизде окушат.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Беларуста билим алуу үчүн кыргызстандыктарга гранттык алты орун бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Беларусь президентинин ЖОЖдордон гранттык орун берүү боюнча жарлыгы 2018-жылдын 12-июнунда чыккан.
Кыргыз Республикасынын жарандары 2023/2024-окуу жылында Беларустун ЖОЖдорунда төмөнкү адистиктер боюнча билим ала алат:
Маалыматтык системалар жана технологиялар (долбоорлоодо жана өндүрүштө) — 2 орун,
Маалыматтык системалар жана технологиялар (оюн индустриясында) — 1 орун,
Дарылоо иши – 2 орун,
Стоматология – 1 орун.
Министрлик сурап-билүү үчүн Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин телефондорун жарыялаган: +996 (312) 35-28-21, 35-28-35.
Сынактык тандоо жөнүндө толугураак маалыматты шилтемеден алууга болот.
Будапешт шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2023
Кытай менен Венгриянын ЖОЖдоруна кабыл алуу 15-январга чейин узартылды
Жаңылыктар түрмөгү
0