6-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы. Архив
Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2023
Жазылуу
6-январда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Жума күнү жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +4…+9, Талас облусунда +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Ысык-Көл жеринде +2…+7, Нарында -3…-8 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +7…+9 жана Ош шаарында +9…+11 градус болот.
Бишкектеги Жеңиш аянтындагы эстелик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Жылдын алгачкы айы өтө суук болобу? Январга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0