Бишкекте жеңил атлетика боюнча республикалык ачык чемпионат өтөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЖеңил атлетика боюнча мелдеш. Архивдик сурөт
Жеңил атлетика боюнча мелдеш. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2023
Жазылуу
Анда спортчулар узакка секирүү, бийикке секирүү, чуркоо жана ядро түртүү боюнча күч сынашат.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында юниорлор жана улуу курактагылар арасында жеңил атлетика боюнча республикалык ачык чемпионат өтөт. Маалыматты спорттун аталган түрү боюнча федерациядан билдирди.
Ага ылайык, иш-чара 5-6-январь күндөрү имарат ичинде өткөрүлөт.
"Беттештер Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында болот", — деп айтылат маалыматта.
Чемпионатта спортчулар аралыкка секирүү, бийикке секирүү, чуркоо жана ядро түртүү боюнча күч сынашат.
Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл аймагынын Кара-Суу айылында заманбап спорткомплекс пайдаланууга берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2022
Кочкордо заманбап спорткомплекс пайдаланууга берилди. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0