Таласта келе жаткан жумада аба ырайы кандай болот?

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКыш. Архивдик сүрөт
Кыш. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Жазылуу
3-январда күндүз жана 4-январда айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы туурасында маалымат берди.
Ага ылайык, аймакта 2-январда жана 3-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Ал эми 3-январда күндүз жана 4-январда көпчүлүк аймактарда кар түшүшү ыктымал.
Бейшемби жана жума күндөрү жаан-чачын болбойт деп болжолдонду.
7-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жааса, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз күн ачык болот.
8-январда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарга кар түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-январда күндүз жана 4-январда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкектеги Жеңиш аянтындагы эстелик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Жылдын алгачкы айы өтө суук болобу? Январга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0