Нарында күндүн көзү ачылабы? Бир жумага карата аба ырайы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНарын облусу. Архивдик сүрөт
Нарын облусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Жазылуу
Жуманын башында жана аяк ченинде күн ачык болору айтылат.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Келе жаткан жумада Нарын облусундагы аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет агенттиги кабарлады.
Облуста 2-январда күн ачык болот, 3-январь күнү айрым жерлерде кар жаайт.
Ошондой эле 4-январда көпчүлүк аймактарда кар түшүшү мүмкүн. 5-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаай турганы айтылды.
6-7-январда күн ачык болот. Ал эми 8-январда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кайрадан кар жаайт.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-январда күндүз жана 4-январда кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Баткендин тоолору. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Жума этегине чейин Баткенде күтүлгөн аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0