2-январга карата аба ырайы

© Фото / пресс-служба правительства КРАла-Тоо аянтында эс алып жүргөн кыргызстандыктар. Архивдик сүрөт
Ала-Тоо аянтында эс алып жүргөн кыргызстандыктар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Жазылуу
Эртең көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Дүйшөмбүдө, 2-январда, күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Таласта -1…+1, Нарын аймагында -8…-10, Ош, Жалал-Абадда +3…+5, Баткен облусунда +4...+6, ал эми Ысык-Көл өрөөнүндө 0…+5 градус болот.
Борбор калаада түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз 0…+2 болот.
Бишкектеги Жеңиш аянтындагы эстелик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Жылдын алгачкы айы өтө суук болобу? Январга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0