Россия кастарын тиккен өлкөлөрдүн газ карызын чет элдик валютада төлөшүнө макул

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин. Архив
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2022
Жазылуу
Кардар валюталык эсепке газ боюнча келишимде көрсөтүлгөн валюта менен акча которо алат, "Газпромбанк" аны Москва биржасына сатып, андан кийин рублди сатып алуучунун эсебине которуп, "Газпром" менен эсептешет.
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин кастарын тиккен өлкөлөрдүн газга болгон карызын чет элдик валютада төлөөгө уруксат берген жарлыкка кол койду. Бул тууралуу укук маалыматы боюнча интернет-порталга жарыяланган документте айтылат.
Эскерте кетсек, ушул жылдын март айында Владимир Путин Европа биримдиги менен РФке каршы чектөө чараларын киргизүүгө кошулган башка мамлекеттерге жаратылыш газы рубль менен гана сатыла турганын жарыялаган болчу.
Андан соң Россия лидери буга тиешелүү жарлыкка кол коюп, кастык мамиледеги мамлекеттер 1-апрелден тарта газ үчүн рубль менен эсептешпей турган болсо, Россия келишимдеги милдеттер аткарылган жок деп кабыл аларын белгилеген.
Путин аталган жарлыктын сегизинчи пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, Россиянын газы үчүн карызы бар кастык мамиледеги өлкөлөр эми бересесин рублден башка валютада төлөй алышат.
"Бул пунктуга ылайык, эгерде сатып алуучу төлөмдү жүргүзүү милдетин башка тараптарга өткөрүп берген болсо, анда ал жактар дагы төлөмдү белгиленген тартипте ишке ашыра алат", — деп жазылат маалыматта.
Ошол эле учурда кардар газ үчүн төлөмдү келишимде көрсөтүлгөн чет элдик валютада, банктын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ачылган жеткирүүчүнүн атайын эсебине которушу керектиги белгиленген.
Өткөн аптада Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн энергетика министрлери газ рыногун кыскартуу механизмин түзүү боюнча макулдашкан. Механизмди Евробиримдик өлкөлөрүндө газ соодасынын бардык виртуалдык аянттарында февралдан тартып колдонуу пландалган. Бирок бул механизм биржадан тышкаркы келишимдерге таасир бере албайт.
Владимир Путин бааны административдик түрдө жөндөө аракети газ тармагында да, нефть тармагында да жакшылыкка алып барбай турганын айткан. Путин эгерде бул механизмдер "Газпромдун" контрагенттер менен келишимин бузса, анда Россиянын буга жооп кайтарууга акысы бар деп белгилеген.
Жаңы схемага ылайык, "Газпромбанк" чет элдик кардарлардын төлөмдөрү үчүн атайын рублдик жана валюталык эсептерди ачууда. Кардар валюталык эсепке газ боюнча келишимде көрсөтүлгөн валюта менен акча которо алат, банк аны Москва биржасына сатып, андан кийин рублди сатып алуучунун эсебине которуп, андан соң "Газпром" менен эсептешет.
Газ түтүгү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2022
ТИМ: Евробиримдиктин газга болгон чектөөсү рыноктун деградациясына алып келет
Жаңылыктар түрмөгү
0