Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россиялык атайын аскердик операция: 2022-жылдын жыйынтыгы

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүРоссиялык атайын аскердик операция. Архивдик сүрөт
Россиялык атайын аскердик операция. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2022
Жазылуу
Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча россиялык атайын аскердик операция РФтин улуттук кызыкчылыктарын коргоо үчүн аргасыз чара болду.
Он ай аралыгында атайын аскердик операция РФ үчүн сезилерлик жыйынтыктарды алып келип, көп полярдык дүйнөдөгү тең жана бөлүнгүс коопсуздук принциптерин бекемдөөгө өбөлгө болгонун белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул ирет автор артка кылчайып, окуяларды кайра бир сыйра көздөн сыдырган.
Россия акырына дейре куралдуу кагылыштан качууга аракет кылганын эске сала кетүү керек. 2021-жылдын 15-декабрында Москва Вашингтон менен Брюсселге коопсуздуктун өз ара кепилдиктери жөнүндөгү келишимдердин долбоорун жолдогон.
НАТОнун чыгышка карай кеңейишин токтотуп, альянстын чет өлкөлүк күчтөрүн 1997-жылдагыдай деңгээлге түшүрүү, Украина жана Чыгыш Европанын башка мамлекеттери, Закавказье, Борбор Азиянын территориясындагы аскердик ишмердиктен баш тартууну сунуштаган. Батыш Кремлдин негизги сунуштарын чечкиндүү түрдө четке кагып, Украинада россиялык атайын аскердик операциядан башка арга калбады.
Атайын операцияда башынан эле белгилүү бир убакыт чектелген эмес, ошондуктан бул ар кандай жоромол жана талаш-тартышка жол ачты. РФ президенти Владимир Путиндин жакындагы эле билдирүүсүндөгү атайын аскердик операция – "узак процесс" Москванын натыйжа алууга олуттуу ниетин тастыктап турат.
Россия бардык каражаттарын пайдалануу менен өз кызыкчылыктарын коргой турганын баса белгилеген Путин. Өзөктүк согуш тобокелдигине карабастан, Кремль өзүнүн өзөктүк куралын (бөлөк өзөктүк державаларга караганда "кыйла кынтыксыз жана заманга бап") кырдаалды курчутуу эмес, ооздуктоо каражаты катары карайт.
Атайын операциянын максаттары бардык коюлган милдеттерин ийгиликтүү чечүү үчүн зарыл болгон каражаттарды пайдалануу менен убагында ишке ашырылары шексиз.
2022-жылы россиялык атайын аскердик операциясынын зонасындагы согуштук аракеттердин негизги жыйынтыктары:
РФтин курамына миллиондогон калкы бар төрт жаңы, тарыхый жактан интеграцияланган региондордун кошулушу;
ички Азов деңизинин эсебинен, Украинада НАТОнун базаларын, Пентагондун биолабораторияларын талкалоо менен Россиянын стратегиялык коопсуздугун бекемдөө;
россиялык аскердик курулуш жана коргоо өнөр жай комплексинин мобилизациясын активдештирүү;
украиналык согуштук аракеттер театрындагы НАТОнун аскердик арсеналдарынын түгөнүшү;
РФтин экономикалык байланыштарынын өзгөрүшү жана эл аралык аброюнун жогорулашы, Россияга каршы санкцияларынан улам Батыштын өзүнүн экономикасынын солгундашы.
Россиянын жана Кытайдын президенттери Владимир Путин менен Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия менен Кытай жакындашкан сайын АКШнын тынчы кетүүдө

Россиянын жаңы аймактары

2022-жылдын 6-октябрында төрт жаңы аймак РФтин субъектилеринин конституциялык тизмесине кирди. Россиянын курамында Донецк жана Луганск эл республикалары өз макамдарын сактап, Запорожье жана Херсон облусу Федерациянын өзүнчө субъектилери катары тарыхый Мекенине кайтты.
Андан мурун, тагыраак, 23-27-сентябрда аталган аймактарда референдум өтүп, РФтин курамына кирүү үчүн Донецк эл республикасында – 99,23%, Луганск эл республикасында – 98,42%, Запорожье облусунда – 93,11%, Херсон облусунда – 87,05% добуш беришти. Натыйжада Россияга 6 миллиондон ашуун киши, 100 миң чарчы чакырым территория кайтты.
Владимир Путин референдумдун башкы жыйынтыгы катары "эл Россияда болууну самап, өздөрүн ушул дүйнөнүн, ушул мейкиндиктин, жалпы маданият, үрп-адат, тилдин бөлүгү катары санай турганын" белгиледи.
Жаңы аймактардын өнөр жай-агрардык дараметин, жаратылыш жана пайдалуу кендердин ресурсун да баалабай коюу мүмкүн эмес. Запорожье атомдук электр станциясы, ушул эле аталыштагы ТЭС жыл сайын 40 млрд кВт тегерегинде электр кубатын өндүрөт. Донбасстын шахтёрлору жылына 24 миллион тонна көмүр казат.
2014-жылы Киевде АКШ тарабынан уюштурулган куралдуу мамлекеттик төңкөрүш, Донбасстагы сегиз жыл бою жүргөн жарандык согуштун айынан Болгария (111 миң чарчы чакырым) же Венгрия (93 миң чарчы чакырым) менен тең келген бул аймак РФтин коопсуздугу үчүн олуттуу мааниге ээ болуп калган.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кадыров Украинадагы операциянын катаал этабына даярданып жатканын билдирди

Стратегиялык коопсуздук

Азов деңизи азыр РФ үчүн ички, демек, Россиянын толук көзөмөлүндө. Натолук база жана чалгындоочу жайларынын жакын жайгашуусу Россиянын түштүгүндөгү маанилүү административдик жана аскер борборлоруна эми коркунуч туудура албайт. Эске салсак, украиналык согуштук аракеттер театрындагы россиялык атайын аскердик операциянын жүрүшүндө НАТОнун 11 аскер объектиси жана базасы талкаланып, Пентагондун 30 биолабораториясы аныкталып, жок кылынган.
РФтин маалыматтарына таянсак, атайын операциянын он айында Украина Куралдуу күчтөрүнүн 530дан ашуун учагы жана тик учагы, 2700 учкучсуз, 400 зениттик ракеталык комплекси, 7130 танк жана башка ок өткөрбөс машинасы, 3700 артиллериялык курал жана миномет, залптык октун 931 реактивдүү системасы кыйратылып же жарактан чыгарылган. Мындай статистика 2022-жылдын 24-февралындагыдай үлгүдөгү Украина куралдуу күчтөрүнүн потенциалы кеминде эле үч жолу талкаланганын айгинелейт.
Европа комиссиясы жана көз карандысыз эксперттердин эсебинде, Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары ("ыктыярчылар" менен кошо) 100 миңден 400 миңге чейин жетет. Атайын аскердик операция зонасында россиялык күчтөр бир нече айдан бери курал менен жабдуу жана жергиликтүүдөй "кийинишкен" адистер катарындагы Пентагон менен НАТОнун аскердик потенциалын жок кылуу менен алек. АКШ жана алардын союздаштары курал-жарак, ок-дарынын тартыштыгына кабылып, бул чоң көйгөй экенин да сезип турушат.

НАТОнун арсеналдарын түгөтүү

Атайын аскердик операция зонасында россиялык күчтөрдүн үстөмдүк жана майнаптуу чабуулдары украиналык согуштук аракеттер театрына Кошмо Штаттардын 19 млрд. доллары жана Европа биримдигинин 22 млрд. евросу талаага чачылганын тастыктап турат.
Вашингтон ушул тапта Киевди курал менен камсыздоого умтулууда. Ошол эле учурда Украинага ATACM ракеталарын жана башка ыраак аралыкка ылайыкталган сокку уруучу куралдарды берүү өзөктүк тирешке кептеп коёрунан чочулап турат.
Донецк шаарынын аянтындагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ДЭР жана ЛЭР жаңы Конституцияны кабыл алышты
Жаңылыктар түрмөгү
0