Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Орозбаев: учурда мэр, айыл өкмөттөрдү иштен алып коюу оңой

© Sputnik / Асель СыдыковаЖергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору Бектурган Орозбаев
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору Бектурган Орозбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2022
Жазылуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору Бектурган Орозбаев жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын терс жактарын талдоо эртелик кыларын белгиледи.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө кандай система болсо дагы оң жана терс жактары бар. Ошондуктан учурда колдонулуп жаткан системаны жакшыртуу үчүн аракеттер көрүлүшү керек. Бул тууралуу Бектурган Орозбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Орозбаев: учурда мэр, айыл өкмөттөрдү иштен алып коюу оңой
Анын айтымында, өлкө буга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түз жана эки баскычтуу шайлоо системасын басып өттү.
"2021-жылдан тарта айыл өкмөт башчылары, мэрлер кызматка дайындалуу жолу менен келет. Мурда жергиликтүү кеңеш шайлаганда талаш-тартыштар боло турган. Албетте, кээ бир жерлерде күчтүү кадрлар шайланган. Ошол эле учурда жергиликтүү депутаттарга басым болгон учурлар, депутаттарды сатып алуу сыяктуу коррупциялык тобокелчиликтер бар эле. Бул мыйзам алдыга кетип, ага коом даяр эместигин көрсөттү. Мына ошол терс жактары көп болгондуктан мамлекет ал системаны токтотуп туруу чечимине келди. Натыйжада талаш-тартыштарга чекит коюлду. Мыйзам боюнча талапкерлер кадрлар резервинен дайындалат. Бул сапаттуу кадрлардын келишине жол ачат. Мурда белгилүү убакытка план, стратегиясы менен шайланып келип аны ишке ашырууга аракет кылчу. Аткарылбаса жергиликтүү депутаттарга, элге отчёт берчү. Ал эми дайындалып келгенде жергиликтүү бийлик менен элдин ортосунда ажырым жаралат. Анткени учурда мэр, айыл өкмөттөрдү иштен алып коюу оңой. Бул жергиликтүү бийликтин мамлекеттик органдардан көз карандылыгын күчөтөт жана эл менен байланышын азайтат. Албетте, бардык системанын оң жана терс жагы бар. Ошондуктан учурда кайсы система иштеп жатса ошонун терс жактарын жоюп иш алып баруу зарыл. Анткени улам жаңы система кабыл ала бергенде өнүгүү болбойт", — деди Орозбаев.
Ошондой эле ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилиш керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0