00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
40 лет аварии на Чернобыльской АЭС: как сегодня живут ликвидаторы из КР
08:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
09:05
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Наука против преступности: российский криминалист - о профессии и её будущем
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Алты жылда товардык балык өндүрүшү 7 эсеге өстү. Кыргызстан балык экспорттоочу өлкөгө айлана алабы?
11:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда мөңгүлөр эрип жатат — кантип токтотобуз?
13:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Байдендин оозунан жаңылып сынга кабылган 8 учуру. Жыл жыйынтыгы

© AP Photo / Patrick SemanskyАКШ президенти Жо Байден
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2022
Жазылуу
Быйыл 80 жашка чыккан Жо Байден АКШнын тарыхындагы эң улгайган президент болуп калды. Өзгөчө акыркы убакта ыңгайсыз учурларга көп кабылып келет.
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Американын Newsweek журналы АКШ президенти Жо Байдендин 2022-жылы оозунан жаңылып жаза баскан учурларын тизмектеди.
Жаздын башы менен Байден Россиянын Украинадагы атайын операциясы тууралуу айтып жатып, украиндер менен ирандыктарды алмаштырып алган. Бул жоругу тез эле вирустук болуп тарап кеткен.
Июль жаңырганда аялдардын укугу тууралуу сүйлөп жатып, телесуфлёрдогу техникалык нускаманы окуй кеткен. "Добуш берүү үчүн катталган жана добуш берген кыз-келиндердин пайыздык үлүшү эркектердикине караганда дайым жогору, цитатанын соңу, сүйлөмдү кайталаңыз", — деген АКШ лидери.
Көп өтпөй Сауд Арабиясына барып Байден кол алышып учурашкандын ордуна мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман менен муштум тийиштирип көрүшкөн. Кийин муну "уят иш" катары кабылдагандар өтө көп болгон.
Сентябрдын соңунда америкалык президент тамактануу жана ден соолук маселелери боюнча өтүп жаткан маалымат жыйында августта жол кырсыгынан каза тапкан конгрессмен Жеки Валорскини сөзгө чакырган.
Октябрдын аягында Демократиялык партиядан сенаторго талапкерди колдоо иретинде Питтсбургда сүйлөп жатып сахнадан чыкчу жолду таппай калган.
Ошол эле айда өлкө башчысы АКШнын вице-президенти Камала Харисти "улуу президент" деп атаган. Байдендин минтип жаңылганы көнүмүш болуп бараткандай.
Андан кийин Байден АКШнын курамындагы 50 штатты 54кө "көбөйтүп" жиберген.
Ал эми ноябрда АКШ президенти АСЕАН саммити учурунда иш-чараны уюштурган Камбоджанын премьер-министрин эмес Колумбиянын аткаминерине ыраазычылык билдирип, сөзгө калган.
Быйыл 80 жашка чыккан Жо Байден АКШнын тарыхындагы эң улгайган президент болуп калды. Өзгөчө акыркы убакта ыңгайсыз учурларга көп кабылып келет. Америкалык лидердин оппоненттери буга анын жаш курагы жана саламаттыгы себеп экенин айтышат.
АКШ жана Франция президенттери Жозеф Байден менен Эммануэль Макрон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Байден Макрондун колун кыса кармап, коё бербей. Талкууга түшкөн видео
Жаңылыктар түрмөгү
0