Катуу суук түшпөйбү? Баткен облусундагы бир жумалык аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТалаада оттоп жүргөн жылкылар. Архив
Талаада оттоп жүргөн жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2022
Жазылуу
Дүйшөмбүдө түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөрү белгиленди.
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Баткен облусундагы аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Синоптиктер дүйшөмбүдө түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөрүн айтышты.
26-29-декабрь күндөрү жаан-чачынсыз болот.
30-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаап, эртең менен басылат да, 31-декабрга чейин күн ачык турат. Ал эми 1-январда айрым жерлерде кар жаайт.
Абанын күндүзгү температурасы7 градуска чейин жылыйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Көлдөгү балыкчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2022
Ысык-Көлдө 31-декабрга чейин аба ырайы кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0