Жалал-Абадда келерки жумада аба ырайы кандай болору айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековДарактагы тыйын чычкан. Архив
Дарактагы тыйын чычкан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2022
Жазылуу
Дүйшөмбүдө түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөрү белгиленди.
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Жалал-Абад облусундагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, дүйшөмбүдө түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.
26-27-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 28-29-декабрда тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаабайт.
30-декабрда күн ачык болот, ал эми 31-декабрь жана 1-январда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
Абанын күндүзгү температурасы 9 градуска чейин көтөрүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Балдар паркта ойноп жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2022
Алдыдагы аптада Чүйдөгү аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0