https://sputnik.kg/20221224/bishkek-zhashyl-charba-soolzhan-satyp-aluu-tender-1071423659.html
"Бишкек жашыл чарба" 300 миң сомго сөөлжан сатып алууга тендер жарыялады
"Бишкек жашыл чарба" 300 миң сомго сөөлжан сатып алууга тендер жарыялады
Sputnik Кыргызстан
Конкурска катышууну каалагандар документтерин 28-декабрга чейин тапшырышы шарт. 24.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-24T09:17+0600
2022-12-24T09:17+0600
2022-12-24T09:17+0600
кыргызстан
тендер
сатып алуу
сөөлжан
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/17/1071423763_0:158:3077:1889_1920x0_80_0_0_5e268a0fc60a98e06e70f4a918f74bbc.jpg
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы калифорния түрүндөгү сөөлжан сатып алууга тендер жарыялады.Долбоордун суммасы 295 миң сом. Бир чарчы метрлик идишке салынган кыктын ичинде 10 миң сөөлжандан кем эмес болушу керек деген талап коюлган.Тендерге катышууну каалаган жеке ишкерлер жана компаниялар тийиштүү документтерин 28-декабрга чейин тапшырышы шарт. Шарттары тууралуу толук маалымат Tenders.kg порталына жүктөлгөн.Белгилей кетсек, соңку учурда өлкөдө малдын кыгынан сөөлжандын жардамы менен иштелип чыккан биогумус колдонулууда. Ал жерди семиртүүгө, органикалык азык-түлүк алууга көмөк берет. Курамында азот, фосфор, калий, кальций жана башка көптөгөн элементтер бар.
https://sputnik.kg/20210608/biogumus-ajyl-charba-ishkerlik-1052774255.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/17/1071423763_174:0:2903:2047_1920x0_80_0_0_ea8191a9d35740f7a057ee90ed598315.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, тендер, сатып алуу, сөөлжан
кыргызстан, тендер, сатып алуу, сөөлжан
"Бишкек жашыл чарба" 300 миң сомго сөөлжан сатып алууга тендер жарыялады
Конкурска катышууну каалагандар документтерин 28-декабрга чейин тапшырышы шарт.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы калифорния түрүндөгү сөөлжан сатып алууга тендер жарыялады.
Долбоордун суммасы 295 миң сом. Бир чарчы метрлик идишке салынган кыктын ичинде 10 миң сөөлжандан кем эмес болушу керек деген талап коюлган.
Тендерге катышууну каалаган жеке ишкерлер жана компаниялар тийиштүү документтерин 28-декабрга чейин тапшырышы шарт. Шарттары тууралуу толук маалымат
Tenders.kg порталына жүктөлгөн.
Белгилей кетсек, соңку учурда өлкөдө малдын кыгынан сөөлжандын жардамы менен иштелип чыккан биогумус колдонулууда. Ал жерди семиртүүгө, органикалык азык-түлүк алууга көмөк берет. Курамында азот, фосфор, калий, кальций жана башка көптөгөн элементтер бар.