Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Кылмыштуу кадам. Түндүк Корея АКШнын "берешендигине" баасын берди

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүТүндүк Кореянын желеги. Архив
Түндүк Кореянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2022
Жазылуу
Буга чейин Россия НАТОго мүчө-мамлекеттерге Украинага берилип жаткан курал-жарак боюнча нааразылык нотасын жиберген
БИШКЕК, 23-дек. – Sputnik. Түндүк Корея дүйнө коомчулугун америкалык курал-жарактын Украинага берилип жатышынын кылмыштуу мүнөзүнө көңүл бурууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости Түндүк Кореянын ТИМинин өкүлүнүн айтканын таянып кабарлады.
"Эл аралык коомчулук Украинага кан төгүү, бүлүнүү алып келген учуучу аппараттарды көп санда бергени үчүн АКШнын кылмыштуу аракеттерине көңүл бурушу керек", – деп аты аталбаган аткаминердин айткан сөзүн Кореянын борбордук телеграфтык агенттиги жазган.
Буга чейин Россия НАТОго мүчө-мамлекеттерге Украинага берилип жаткан курал-жарак боюнча нааразылык нотасын жиберген. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украина жөнөтүлгөн, курал-жарактан турган жүк Россиянын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен.
Россиянын тышкы саясат боюнча ведомствосунан НАТО Украинага курал-жарак берип, от менен ойноп жаткандыгын айтышкан.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинаны болушунча курал менен жабдуу россия-украина сүйлөшүүлөрүнө терс таасирин тийгизерин белгилеген.
Киев шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ менен Европанын Украинада тынчтыкты орнотуу ниети жок экени айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0