Былтыр да өрттөнгөн. Кара-Көл шаарында кечээ койгон балаты күйүп кетти

© Фото / пресс-служба мэрии городе Кара-КульЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык балаты
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык  балаты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2022
Жазылуу
Калаа мэриясы жаңы жылдык жасалгага 700 миң сомго чукул каражат сарптаган болчу.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык балаты күйүп кетти. Маалыматты калаанын мэри Таалайбек Конкобаев тастыктады.
Анын айтымында, бийиктиги 12,5 метрди түзгөн жаңы жылдык символика шаардын чок ортосуна орнотулуп, кечээ, 22-декабрда, кечинде салтанат менен жандырылган. Бирок бүгүн таңда болжол менен саат 5:00 чамасында өрттөнүп кеткен.
"Балатыга атайылап өрт койду деген шектенүү бар. Жыл сайын эле жөндөн-жөн күйүп кетпейт да. Бул боюнча азыр укук коргоо органдары иштеп жатат. Балатыны сатып алууга жана жасалгалоого 700 миң сомго чукул каражат жумшалган", — деди мэр.
Белгилей кетсек, былтыр да 31-декабрда жыл жаңырган алгачкы мүнөттөрдө Кара-Көл шаарындагы балаты өрттөнүп кеткен.
20-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту жандырылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2022
Ошто жаңы жылдык балатынын оту жанды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0