Самыйкожо: артисттерге дөөрүгөн суроолорду бербей, аттестациядан бошотолу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо. Архивдик сүрөт
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2022
Жазылуу
Депутат артисттерге берилчү суроолорду министрлерге узатты эле жооп бере алышкан жок.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо артисттерди аттестациядан өткөрүү талабын жокко чыгарууну сунуштады.
Эл өкүлү сынак учурунда орунсуз суроолор берилип жатканын белгилеп, төмөнкүлөрдү мисал келтирди:
"Чүй дарыясынын жээгиндеги кыргыз арабачандары" сүрөтүн ким тарткан?
Акын Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелигинин автору ким?
"Борцам революции" скульптурасын ким тарткан?
Жумуш убактысын суммардык эсепке алуу деген эмне?
Депутат ушул эле суроолорду өкмөт мүчөлөрүнө берди эле, аткаминерлердин эч кимиси жооп бере алган жок.
"Эмне, ушул артисттерге керекпи? Артисттерди аттестациядан өткөрө турган көркөм эксперттик комиссия, Көркөм кеңеш бар да. Ар кайсы дөөрүгөн суроолорду ким түзгөн?" — деп нааразы болду Самыйкожо.
Буга жооп берген маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов бир эле театрда эмес, бүт жакта аттестация жүрүп жатканын билдирди.
"Квалификациялуу адистерди тартуу, деңгээлин жогорулатуу, талаптарды сактоо жана айлык акыны туура колдонуу үчүн аттестация болуп жатат. Ар бир суроо кесибине ылайык түзүлгөн. Театрга, башка тармактарга өзүнчө суроолор берилет. Көп жылдан бери аттестация өтпөгөндүктөн көйгөйлөр жаралып жатат. Ал эми жанагындай суроолор туура эмес түзүлүп калышы мүмкүн, мен тактап коёюн", — деди министр.
Мындан улам Самыйкожо колдоо көрсөтүү үчүн артисттерди аттестациядан бошотуп эле коюуга чакырды.
Талас шаарында Байдылда Сарногоевдин эстелиги ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2022
Талас шаарында Байдылда Сарногоевдин эстелиги ачылды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0