Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Опера ырчысы Атамбаев: Москвада сынакта тажрыйбасы аз аткаруучу мен болдум

© Sputnik / Асель СыдыковаКалый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти Кубанычбек Атамбаев
Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти Кубанычбек Атамбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2022
Жазылуу
Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти Кубанычбек Атамбаев орус романстарын аткаруучулардын XXVI "Романсиада" сынагында III орун алган.
Опера ырчысы болом деп таптакыр ойлобогон Кубанычбек Атамбаевдин кесиби электрик-монтажер. Ал кийин Аксуубай Атабаев атындагы маданият үйүндө бий ийримине катышып, "Келечек", "Жаш кыял" бий ансамблдеринде бийлеп жүрүп ырдоого кызыкканын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтып берди.
Опера ырчысы Атамбаев: Москвада сынакта тажрыйбасы аз аткаруучу мен болдум
Атамбаевдин үнү 2018-жылдан кийин ачылып, ырдай баштаган.
"Романсиада" сынагы тууралуу былтыр Кыргыз улуттук консерваториясына биринчи курс болуп келгенимде билгем. Азыркы концертмейстерим Айбарчын Алиевна мени даярдап, алып чыккан. Өткөн жылы экинчи орунду алганымда кийинкисинде сөзсүз биринчи орунду багындырам деп максат койгом. Быйыл Бишкекте өткөн "Орто Азия романсиадасы" VI эл аралык сынагынын гала-концертине катыштым. Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан 50 аткаруучу күч сынашты. Бул жолу биринчи орунду ээлеп, Москвага жолдомо алдым. Ошентип орус романстарынын аткаруучуларынын XXVI "Романсиада" сынагында III орунга татыдым. Бул мен үчүн чоӊ жетишкендик. Ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берген Бишкектеги "Россотрудничество" агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маданий долбоорлорунун куратору, "Орто Азия романсиадасынын" көркөм жетекчиси Игорь Воронцовго ыраазычылык билдирем. Ал мага ишенип, колдоп, Москвага мени менен чогуу барды. Бул сынак мен үчүн оор болду десем болот. Эӊ эле тажрыйбасы аз аткаруучу мен болдум. Калганы магистрлер, театрдын солисттери экен. Конкурс үч тур менен өттү. Алгачкы турда Сергей Рахманиновдун "Пара" классикалык чыгармасын, экинчисинде заманбап "Я Вас прошу уйти" романсын, ал эми соӊунда цыган романсын аткардым", — деди Атамбаев.
Ал алгач Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун эстрада бөлүмүнө тапшырып, бирок эски ырларды жактыргандыктан Улуттук консерваторияга келгенин, учурда 2-курста билим алып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0