Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Түлкүев: эркек кишиге элик сап камчы белек кылбайт

© Sputnik / Асель СыдыковаУста, кол өнөрчү Эрмек Түлкүев
Уста, кол өнөрчү Эрмек Түлкүев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2022
Жазылуу
Уста, кол өнөрчү Эрмек Түлкүев камчы көчмөн кыргыздын эӊ алгачкы колуна тийген жана өмүрүнүн акырына чейин кармаган куралы экенин айтты.
Ат жабдыктарын 10 жылдан бери жасап келген Эрмек Түлкүев бийликтин символу болгон камчы тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп баяндап берди.
Түлкүев: эркек кишиге элик сап камчы белек кылбайт
Анын айтымында, учурда билбестиктен кыз-келиндерге тиешелүү элик сап камчы эркек кишилерге белек катары берилген учурлар бар.
"1-2-классымда мен окуган мектептин жанындагы ат жабдыктарын жасаган устаканага кирип көрүп, абдан таасирленгем. Анын үстүнө чоӊ атам чабан болгонуна байланыштуу ат жабдыктарын өзү жасап алчу. Аӊ-сезимиме сиӊип калгангабы чоӊойгондо башка жумушка көӊүлүм тартпай, устачылыкты тандап, Ак-Марал булгаары заводунда иштеп калдым. Бул жерден абдан көп тажрыйба алдым. Ат жабдыктарын 10 жылдан бери жасап келем. Анын ичинде камчынын түрүн жасоону өздөштүрдүм. Менимче, камчы көчмөн кыргыздын эӊ алгачкы колуна тийген жана өмүрүнүн акырына чейин кармаган куралы. Себеби наристе там-туӊ басканда атасынын камчысы менен ойноп, карыя кезинде камчысын колунан түшүрбөй кармап жүргөн. Жолоочунун кармаган камчысына карап кайсыл жердин, элдин адамы экенин, камчыны кармашына карап кандай кабарды алып келгенин билсе болот. Мисалы, Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абадда көктөн (эчки, текенин жыдытылган териси), ал эми Таласта кайыштан өрүлгөн камчыны азыркыга чейин колдонушат. Негизи сабына карата табылгы сап камчы, элик сап камчы, теке мүйүз же ыргай сап камчы деген түрлөрү бар. Өрүмүнө карата жылан боор, төрт өрүм, сегиз өрүм, кырк өрүм деп бөлүнөт. Камчынын дагы бир түрү — булдурсун. Мында өрүмүнө өзөк салынып өрүлөт, же болбосо өрүмдүн учуна коргошун уютулуп жасалат. Бул жоого чыкканда курал катары колдонулган. Азыр элик сап камчыны эркек кишиге белек катары берип жаткандарын байкап калам. Бул камчы кыз-келиндерге тиешелүү курал. Көп учурда асыл-таштар менен шөкөттөлүп жасалат", — деди Түлкүев.
Ал учурда ат жабдыктарын көк бөрүчүлөргө жана белек, сувенир катары жасарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0