00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
6 мин
Будь в курсе
В КР продолжат внедрять сельхоз страхование. Почему оно не похоже не ОСАГО и в чем трудности?
08:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Борбор Азияда суу маселеси кандай чечилиши керек — компенсация, стратегиялык программа
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан в санкционном списке ЕС: что это значит для банков, бизнеса и репутации страны
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров камалган аялдардын энелерине: мага кайрылбай башында кызын тыйса болмок

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
Жазылуу
Жапаров "төңкөрүш жасайбыз" деп план түзүп жатса, укук коргоо органдары башынан сылабай турганын эскертти.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Камакта отурган жарандар төңкөрүш кылууга эч нерсе таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, камакта жаткандардын дээрлик 90 пайызы жабык эшик артында өткөн чогулуштарга эки-үч ирет катышкан. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе Кыргызстандын пайдасына чечилип жатканын жакшы билген.
"Биздин бир кемчилигибиз башында эле ачык карабаганыбыз болуптур. Анткени биздин пайдабызга чечилип жаткан иштерибиз бузулуп кетпесин деген элек. Муну түшүнүп турса да пайдаланып кетели дешти. "Мына көрдүңөрбү, жабык эшик артында карап жатышат, демек, биздин пайдабызга чечилген жок" деп элди козутуп жатышты. Мындай козуткучтар түз эле түрмөгө түштү", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент учурда ага кайрылып жаткан энелер башында эле кыздарын тыйып отурса болмок деген.
"Эки жылдан бери ооздоруна "ак ит кирип, кара ит чыгып" жатат. Мен үндөбөдүм, көңүл да бурбадым, теңелбейин дедим. Менин бир жолу каяша айтканымды уктуңарбы же? Жок. Мындан ары да көңүл бурбайм. Азыр мага кайрылып жаткан энелер эки жылдан бери эң жок дегенде бир жолу "ай кыздар, тартиптүү болгула, калп сөз сүйлөбөгүлө, жалаа жаппагыла, төңкөрүштөн айланасыңбы!" деп тыйып коюшпайбы. Кеч боло электе ошол аялдарга, кыздарга акыл үйрөтүшпөйт беле", — деди мамлекет башчы.
Аны менен катар Жапаров алар "төңкөрүш жасайбыз" деп план түзүп жатса, укук коргоо органдары "башынан сылабайт" деген пикирин айтты.
"Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине "чыгарып кой" деп буйрук бере албайм. Мыйзам иштейт. Мындан ары мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Качанкыга чейин кичине бир нерсе болсо эле президент күнөөлүү деп жатып калабыз", — деди президент.
Белгилей кетсек, 23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Өзбекстан менен түзүлгөн келишимге каршы чыгып жаткан 26 саясатчы жана жарандык активист бийликти күч менен басып алууга аракет кылды деп кармалган. Алар эки айга тергөө абагына киргизилген, жакында эле абактагы мөөнөттөрү дагы эки айга узартылды.
Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Кемпир-Абад себеп болду. Медер Алиев ЖКдагы комитет төрагалыгынан кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0