Германия, Франциянын депутаттары суук имараттарда иштөөгө аргасыз болууда

© Фото / Unsplash / Martin GuidoБундестаг. Архив
Бундестаг. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
Жазылуу
Мыйзам чыгаруу органдарынын өкүлдөрү жыйындарга күрмөлөрүн кийип келишүүдө. Айрым учурда мындай шарттан улам жыйындар залы бош калып жатканы да маалымдалды.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Европанын кээ бир өлкөлөрүнүн мыйзам чыгаруучулары мекемелерди жылуулоону чектөөгө аргасыз болушууда. Мындай абалга РИА Новости агенттиги байкоо салган.
Басылманын жазган маалыматына ылайык, Германиянын коомдук имараттары 1-сентябрдан бери +19 градуска чейин эле жылытылып жатат. Мындай эреже немец бундестагында да каралгандыктан саясатчылар жыйындарда үшүп, сырткы калың кийимдери менен отурууга мажбур болууда.
"Парламентте 14-декабрда өткөн дебатта анын катышуучулары пальто, күрмө кийим, шарф оронуп отурушту. Көпчүлүк саясатчылар буттарын плед менен жаап, алакандарын ушалап, үшүгөн колдорун жылытып жатышты. Буга чейин бундестагдагы "Жашылдар" партиясынын тең төрагасы Ренате Кюнаст Твиттердеги баракчасына өзүнүн иш бөлмөсүндө үшүп жатканын жазган. Анын бул постуна 3 миңдей комментарий жазылып, көпчүлүгү терс пикир калтырышкан. Депутат анда кеңсесине одеял, жылыткыч жана баш кийимин ала келүүнү да ойлонуп жатканын кошумчалаган", — деп жазылат макалада.
Имараты 19 градустан жогору жылытылбай жаткан Франция парламентинин депутаттары да үшүбөстүн түрдүү айласын көрүп жаткандыгы белгиленет.
BFMTV телеканалы атын атагысы келбеген депутаттын: "Менин кеңсем мансардда жайгашкандыктан +16,5 градустан жогору жылыбайт. Жылыткыч функциясы бар одеял колдонуп жатам, жакшы экен", – дегенин жарыялап жиберди.
Францияда "Энергетикалык көсөмдүк" деп аталган план кабыл алынган соң депутаттары элине аны үнөмдөө боюнча үлгү көрсөтүшү болуп жатат. Бирок Франциянын Улуттук жыйындар имараты 1722-жылы курулган, терезелери абдан чоң, ошол эле учурда алардын бирине да кош айнек салынган эмес.
"Менин иш бөлмөмдө температура +18 градустан ашпайт. Эки кат күрмө кийип отурам, ичимен жеңи жок кемсел, үстүнөн калың күрмө кийип, иш күнү бүткөнгө чейин ысык чай ичем", – деген "Республикачылар" партиясынын депутаты.
Маалыматта Парламенттин имаратынын босогосуна калың баркыт парда илип коюшкандыгы да кошумчаланган. Мындай сууктан улам Франция парламентинин жыйындар өткөн залдары көбүнчө бош болуп жатканы белгиленген.
BFMTV телеканалы Эммануэль Макрондун партиясындагы депутаттар имараттын сууктугуна нааразы эместигин маалымдаган.
"Башка өлкөлөрдө мындай көрүнүштөр байкалбайт. Австрия жана Нидерланд газдын запасын толуктап алган, түштүк жактагы Испания, Италияда климат мынчалык оор болбогондуктан жылытуу маселеси курч көйгөйлөрдү жаратпайт", – деп жазылат агенттиктин маалыматында.
Киев шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Укрэнерго" чукул кырдаал жарыялады. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0