Абамуслимова: санитардык норманы сактабаган 1 952 объект аныкталды

© Sputnik / Асель СыдыковаОоруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тамак-аш азыктарынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн санитардык дарыгери Назгүл Абамуслимова
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тамак-аш азыктарынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн санитардык дарыгери Назгүл Абамуслимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2022
Жазылуу
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тамак-аш азыктарынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн санитардык дарыгери Назгүл Абамуслимова мекеменин негизги милдети жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу экенин айтты.
Аталган кызмат 2022-жылдын тогуз айында 1 968 пландуу жана 196 пландан тышкары текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Назгүл Абамуслимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абамуслимова: санитардык норманы сактабаган 1 952 объект аныкталды
Анын айтымында, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти объектилерди текшерүү планын Экономика министрлиги менен макулдашып, алар уруксат бергенден кийин гана ишке кирише алат.
"Пандемия учурунда ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизилгендигине байланыштуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин пландуу текшерүүлөрү болгон жок. Аталган мораторий 2022-жылдын январь айында жоюлган. Июнь айынан бери коомдук тамактануучу жайлар, мектеп, саламаттык сактоо мекемелериндеги ашкананын тамак-аш даярдоонун технологиялык процесси, коомдук тамактануу же соода объектисинин санитардык-техникалык абалы, бардык кызматкерлердин жеке гигиенасы, алардын медициналык кароодон өтүшү, продукциянын сакталышы текшерилди. Биздин кызмат 2022-жылдын тогуз айында 1 968 пландуу жана 196 пландан тышкары текшерүү жүргүздү. Тилекке каршы, текшерилген объектилерде санитардык норманы сактабаган 1 952 учур аныкталып, Бузуулар кодекси боюнча 1 670 протокол түзүлдү. Ага 4 миллион 503 миӊ сом айып пул салынды. Кемчиликтерди оӊдоо үчүн 1 756 объектиге санитардык көрсөтмө берилди. Ал эми 18 объект убактылуу жабылды. Ошондой эле үч материал укук коргоо органдарына тапшырылган", — деди Абамуслимова.
Ал 2023-жылы да ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий кирерин, департамент бул жаатта жогорку эпидемиологиялык тобокелдик бар жайлар тууралуу өзүнүн сунуштамаларын бергенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0