Таежеси донор болчу Азиз Мурадилаев Түркиядан башка өлкөгө учмай болду

© Sputnik / Эмиль СадыровКыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев. Архив
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2022
Жазылуу
Актёрдун абалы начарлап кеткендигине байланыштуу үй-бүлөсү Түркиядан башка өлкөгө барууну чечкен. Түркияда анализдер жана текшерүүлөр үчүн көп убакыт кетери айтылды.
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевге таежеси донор болот. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматта белгиленгендей, учурда актёрдун таежеси керектүү анализдерди тапшырууда. Боор алмаштырылгандан кийин ал организмге жалгашып кетүүсүнө чоң маани берилүүдө.
"Эмнеге ал ушул кезге чейин чет өлкөгө кете элек? Эмне үчүн башка адамдар донор боло алышпайт? Ушул жана башка суроолор көп болуп жаткандыгына байланыштуу сиздерге маалымат берүүнү туура көрдүм. Боорду алмаштыруу операциясы — бул унаанын тетигин алмаштыруу эмес, мында баары дыкат текшерилиши керек. Азиздин үй-бүлөсү башында катуу чочулап донор керек деп кайрылган, жакын адамыңдын абалы өтө оор болуп жатса кол куушуруп отура албайсың да. Кийин чет өлкөдөн бейтапка туугандыгы жок адамдар донор боло албастыгын билишти. Чет мамлекеттердин мыйзамы боюнча, бейтапка апасы, атасы, баласы, кызы же туугандары гана донор боло алышат. Азиздин апасы 65 жаштан ашкан, донор болуу анын ден соолугуна кооптуу", — деген Молдокматова.
Ошондой эле ал Мурадилаевге операцияны Түркияда жасатуу пландалганын, бирок ага таежеси донор болуп жаткандыктан экөөнүн туугандыгын текшерген комиссиядан өтүүсү зарыл болгонун белгилеген. Бул комиссия аларды 30-декабрда гана текшерүүгө алары белгилүү болгон.
"Андан кийин клиникадан кайрадан анализ тапшырышат, бирок бизде анча убакыт жок. Күткөнгө болбойт. Азиздин абалы начарлап кеткендигине байланыштуу кечээ үй-бүлөсү башка өлкөгө барууну чечти. Эгерде органдардын дал келери бүгүн тастыкталса, эртең же бүрсүгүнү башка өлкөгө учат. Мурадилаевдин үй-бүлөсү эмне үчүн каражатты үнөмдөп, авиабилеттерди да арзандатып берүүсүн суранып жатат деген суроолорго да жооп берейин. Чет өлкөгө Азиз, жубайы, дарыгер барат, донор болчу адам азыр Россияда. Коштоп баргандар ижарага батир алышат, клиникага каттап турушат. Мунун баарына каражат керек. Айрым интернет-колдонуучулар Азиздин үй-бүлөсүн каражатты үнөмдөгөндүгү үчүн сындабаңыздар, алар актёрго чын дилинен күйүп карап жатышат", — деген Молдокматова.
Коомдук ишмер сөзүнүн соңунда актёрдун абалына тынчсызданып, анын айыгуусун тилегендерге жана жардам бергендерге ыраазычылыгын билдирген.
3-декабрда Мурадилаевдин реанимацияга түшкөндүгү кабарланып, артист шишип, суюктук чыкпай жаткандыгы маалым болгон.
Зарыл операцияга 45 миң доллар керек эле. Бир күн ичинде элден операция үчүн 1 миллион 21 миң сом чогулган. 4-декабрда президент Садыр Жапаров актёрдун дарылануусуна 42 миң доллар бөлгөн.
Мурадилаев көптөн бери боор циррозунан жабыркап келет.
Көзүндө муң катылып жаткандай... Азиз Мурадилаев менен баарлашуу видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2022
Көзүндө муң катылып жаткандай... Азиз Мурадилаев менен баарлашуу видеодо
Жаңылыктар түрмөгү
0