00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Актуальное интервью
Посол Ирана - об агрессии, реакции мира и последствиях ударов по стране
08:04
17 мин
Будь в курсе
Как формируется цена на молоко и почему она зависит от сезона
08:26
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
09:05
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Саламаттыкты сактоо министрлиги перинаталдык кызматты реформалоону даярдап жатат: 2030-жылга чейин эмне өзгөрөт
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Деңиз кодекси: деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөгө эмне үчүн керек?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Батырбеков: муктаждыктан жаралган кадрлар ийгиликке жеткирди

© Sputnik / Асель АкматКинооператор Автандил Батырбеков
Кинооператор Автандил Батырбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2022
Жазылуу
Кинооператор Автандил Батырбеков "Киностарт" фестивалында "Эң мыкты оператор" категориясынын жеңүүчүсү болгон.
Россияда өткөн "Киностарт" фестивалында "Жоокер" тасмасы "Эң мыкты режиссер" жана "Эң мыкты оператор" наамын жеңип алды. Бул тууралуу тасманын оператору Автандил Батырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Батырбеков: муктаждыктан жаралган кадрлар ийгиликке жеткирди
Анын айтымында, бул жеңиш ал үчүн күтүүсүз жана операторлугундагы алгачкы ийгилиги.
"Эл аралык кино фестивалдан "Эң мыкты оператор" наамын биринчи жолу алып жатам. Буга чейин чакан фестивалдардан "Эң мыкты режиссер" сыйлыгына ээ болгом. Сегиз жылдан бери оператордун жардамчысы катары иштедим, ал эми соңку үч жылдан бери коюучу оператормун. Операторлук жактан алгачкы долбоорум "Кошунаны тандабайт" телесериалы болду. Анын 1-2-серияларын мен тарткам. Андан кийин Казакстандагы долбоорлордо тажрыйба топтодум. 1.1 studio даярдаган дээрлик бардык проектилерде жана бир катар кыска метраждуу тасмаларда оператор болуп эмгектендим. Жасаган иштеримдеги эң ири долбоор деп мына ушул "Жоокер" тасмасын айта алам, иштөөгө чакырышканы үчүн ыраазычылык билдирем. Бул тасманын 80 пайызы талаада тартылгандыктан бир топ кыйынчылыктар жаралды. Бирок ошол кыйынчылыктардын аркасы менен ийгиликке жетип отурабыз. Мен үчүн мындай тасмада иштөө чоң тажрыйба болду. Кинонун сюжети абдан оор. Анда адамдардын талашканы эмне экенин, эмне үчүн дүйнөдө согуштар токтобой келе жаткандыгы, адамзатты ойлондурчу көптөгөн маселелер көрсөтүлгөн. Өзгөчө тасма болгондуктан кайсы локацияда тартабыз деп көпкө ойлонуп, Боом капчыгайындагы бир жерге токтолдук. Бизге табият да жардам бергендей сезилди. Анткени ал жер так эле биздин тасмага ылайыкташтырылгандай экен. Өзүбүздү башка планетада жүргөндөй сездик. Оператор катары, жер тар болгондуктан адрестик план алууда кыйынчылык жаралганын айта алам. Ошол себептен да тасмадагы кадрлардын 70 пайызында аскерлер тыгыз кадрда көрсөтүлгөн. Биресе бул муктаждык болду, экинчи тараптан өзүнчө бир стиль болуп калды. Анткени аскерлердин кысымга, басымга кабылгандыгын жана башка көптөгөн ойлорумду ошол кадрлар менен берүүгө аракеттендим. Жыйынтыгында тасмабыз Россияда өткөн эл аралык кинофестивалда "Эң мыкты режиссер" жана "Эң мыкты оператор" наамдарына татыды", — деди кинооператор.
Ал тасма аянтчасында актердун абалы менен камеранын аракети бирдей болушу керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, "Киностарт" фестивалына 31 өлкөдөн 424 тасма катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0