Өзгөн: базарда фурасы өрттөнүп кеткен кишиге ошол жердегилер акча чогултту. Видео

© Sputnik / Михаил ВоскресенскийКүйүп кеткен жүк ташуучу унаанын жанында адамдар. Архив
Күйүп кеткен жүк ташуучу унаанын жанында адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2022
Жазылуу
Канча акча чогулганы белгисиз, бирок ал жердегилер жагымсыз окуяга кайдыгер карап басып кетишкен эмес.
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Өзгөндөгү мал базарда жүргөндөр ошол жерде фурасы күйүп кеткен орто жаштан ооп калган кишиге акча чогултуп жаткан видео тарады.
Көңүл жылыткан ишти видеого тартып алган автор автоунаасы күйүп кеткен адамга жардам кылуу максатында бейтааныш эле кишилер тыйын чогултуп жатканын айтып берип жатат.
"Түшкү тамакты ичпей эле койгула, андан көрө жардам кылалы", — деген чакырыкты угууга болот.
Канча акча чогулганы белгисиз, бирок ал жердегилер жагымсыз окуяга кайдыгер карап басып кетишкен эмес.
Кадрдан бир кишинин апкаарып турганын, бир катар адамдар ага келип колун кысып, кээ бирөөлөр акча карматып жатканын да байкоого болот.
Ош облустук милициясынын бул окуя бүгүн болгондугун айтышып, кырсыктын себеби аныкталып жатканын кошумчалашты.
Адамдардын башка бирөөнүн кайгысына кайдыгер карабай жүз миңден ашуун акча чогулткан окуясы жакында эле Чүй облусундагы Токмок шаарында болгон. Анда базардагы уурулар баласынын ашына жылкы алганы келген аксакалдын акчасын шыпырып кетишкен. Бул жагымсыз окуядан кийин ошол жердегилер жабыла акча чогулта башташкан. Көп өтпөй милиция нысапсыз урууну кармаганы да кабарланган. Уурудан акча кайтарылгандан кийин аксакал акчаны кайрымдуулукка жумшаганы маалым болгон.
Ош облусунун Араван районунда уюлдук компаниялардын терминалдарын жана анын ичиндеги 105 400 сомду уурдоого шектелип беш жаран кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2022
Ош, Нарында терминалдарды талкалап, акчасын алышкан. Шектүүлөр кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0