Бишкектеги ЕАЭБдин саммити  - Sputnik Кыргызстан

Бишкектеги ЕАЭБ башчыларынын саммити. Учурда эмне болуп жатат?

Жазылуу
Бишкекте бүгүн Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити өтөт. Ага Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын президенттери катышат.
Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны саат 12:00дө башталат.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:28 09.12.2022
Александр Лукашенконун ЕАЭБ саммитине жөө келиши боюнча Садыр Жапаровдун маалымат катчысы түшүндүрмө берди.
18:25 09.12.2022
Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөн ЕАЭБ саммитинин жыйынтыгында 15 документке кол коюлган
Кыргызстандын президенти документтерге кол койуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2022
ЕАЭБ жыйынында кабыл алынган 15 документтин тизмеси
16:35 09.12.2022
Бишкекте Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны аяктады.
16:21 09.12.2022
Путин Бишкектеги ЕАЭБ лидерлеринин саммитинде токтолгон маселелер.
16:13 09.12.2022
16:11 09.12.2022
Токаев: Казакстан евразиялык интеграциянын өнүктүрүү процесстерине эч качан тоскоолдук жаратпайт
"Казакстан чын дили менен интеграциянын өнүгүшүнө кызыкдар. Казакстан тараптан процесстерге тоскоолдук жаратуу эч качан болбойт жана андай кеп болушу мүмкүн эмес. Казакстан тескерисинче, экономикалык интеграциянын келишимине ылайык бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгындагы процесстерди жакшыртуу үчүн бардык күчүн жумшап жатат", — деди Токаев ЕАЕБ саммитинде сүйлөп жатып.
16:05 09.12.2022
16:04 09.12.2022
15:50 09.12.2022
Жапаров: ЕАЭБ көңүлүн Азияга көбүрөөк бурушу керек
"Уюм кызматташа турган өлкөлөрдүн географиясы кеңейип жатканы кубандырат. Муну ЕАЭБдин дүйнөлүк экономикалык архитектурада динамикалуу өнүгүп жаткан уюм катары таанылышы деп билем. Глобалдуу финансылык-экономикалык өнүгүү Азияга оогон шартта дал ушул регионго көңүл буруу максатка ылайык деп эсептейм", — деди Жапаров.
15:05 09.12.2022
Кыргызстан ЕАЭБ органдарындагы төрагалыкты Россияга өткөрүп берди.
14:05 09.12.2022
ЕАЭБ өлкөлөрүн президенттери Бишкектеги саммитте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2022
Садыр Жапаров ЕАЭБ саммитин ачып жатып эмнелерге токтолду?
13:20 09.12.2022
Бишкекке Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Арипов Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн ЕАЭБге байкоочу мамлекеттин делегация башчысы катары келди
12:54 09.12.2022
Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммити башталды.
Жыйынга Никол Пашинян (Армения), Александр Лукашенко (Беларусь), Садыр Жапаров (Кыргызстан), Касым-Жомарт Токаев (Казакстан) жана Владимир Путин (Россия) катышууда.
12:49 09.12.2022
12:48 09.12.2022
12:46 09.12.2022
12:40 09.12.2022
12:30 09.12.2022
Бишкекке ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бардык лидерлери келди
8-декабрда Бишкекке алгачкылардан болуп, Беларусь президенти Александр Лукашенко келип түштү. 9-декабрда эртең менен Россия лидери Владимир Путин, Армения премьер-министри Никол Пашинян жана Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев келди.
Жаңылыктар түрмөгү
0